Көчмөн талапкерлер. “Ак-Бата” жана НДПК партиясынын 30%га жакын талапкери кайра шайлоого катышып жатат

.

БАЯНДАР
Көчмөн талапкерлер. «Ак-Бата» жана НДПК партиясынын 30%га жакын талапкери кайра шайлоого катышып жатат

11-июлда өтө турган «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого» Бишкек шаары боюнча жалпысынан 18 партия катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын тизмесин 21-июнь күнү жарыялаган.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-апрелде өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Азыркы учурда, 11-апрелде катышкан 25 партиянын 10у гана кайра шайлоого катушуу үчүн арыз тапшырды.

ПолитКлиника медиасы катышпай калган партиялардын талапкерлери кайсы партияларга кошулганын анализдеп көрдү.

Чырдуу «Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы»

Илим Карыпбеков жетекчилик кылган НДПК партиясы 11-апрелдеги шайлоого катышып, шайлоочулардын 10,8%ынын добушуна ээ болгон.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы НДПК партиясынын шайлоо учурунда добуш сатып алганын жана бир нече мыйзамды одоно бузганын аныктап, 19-апрелде шайлоодон толугу менен четтеткен.

9-июнь күнү, НДПК партиясы 11-июлда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

Бирок, партиянын курамын карап көрө турган болсок 11-апрелдеги шайлоого катышкан 74 кандидаттын 22си башка партиялардын тизмеси менен кайра шайлоого катышып жатканын аныктоого болот. Бул партиянын 30%ы кайра шайлоого катышып жатканын билдирет.



Кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлердин 11и "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын курамына кошулган. Алардын арасында, азыркы учурда Бишкек шаардык мэриясында депутат болуп турган Куванычбек Конгантиев да бар.

Белгилей кетсек, буга чейин ПолитКлиника медиасы "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын азыркы бийликке тиешелүү экенин аныктап чыккан.

Ал эми, мурдагы НДПК партиясынын курамында болгон 9 талапкер 11-апрелде шайлоого катышпаган "Ишеним" саясий партиясынын курамына кошулган.

"Ишеним" саясий партиясын карап көрө турган болсок, алдыңкы 15 орунда НДПК партиясынын 5 талапкери бар экенин көрүүгө болот.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аталган партия, 2011-жылы Ибаков Мирлан Таштандиевич аттуу жаран тарабынан негизделген. Бирок, "Ишеним" саясий партиясы буга чейин шайлоолорго активдүү катышкан эмес.

"Ак-Бата" саясий партиясы

11-июлда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 12,3%дык добушка ээ болгон "Ак-Бата" саясий партиясы да жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышпай турганын билдирген.

Бирок, партиядагы 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоого катышкан 77 талапкердин 19у же 25%ы кайра шайлоого катышып жатат.



Алардын арасында, Ыргал Кадыралиева "Биздин Эл" партиясына кошулса, ал эми Темир Касымов жана Светлана Шульц "Ишеним" саясий партиясынын курамына кирген.

Эң кызыгы, "Ак-Бата" партиясынын 16 талапкери мурдагы шайлоого катышпаган "Күч Биримдикте" партиясына кошулган. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Күч Биримдикте" саясий партиясы 2015-жылы Кадырбек Абдивалиев тарабынан негизделген. Азыркы учурда, Парханов Мирлан Абдивалиевич жетектеп келе жатат.

Белгилей кетсек, мурда "Ак-Бата" партиясынын курамында болгон талапкерлердин алтысы "Күч Биримдикте" партиясынын алдыңкы 15тигине кирген.

Башкача айтканда, эгерде "Күч Биримдикте" партиясы шайлоодон утуп чыга турган болсо "Ак-Бата" партиясынын мурдагы талапкерлери мандат алат.

"Бүтүн Кыргызстан" жана башка партиялар

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан 11-июлда боло турган шайлоого 3 талапкер катышкан. Ал эми, "Республика" партиясынан 11 талапкер башка партиялардын курамына кирген. Алардын арасынан 4 талапкер "Биздин Кыргызстан" партиясынын курамына ал эми 2 талапкер СДПК партиясына кошулган.

Ал эми, калган көпчүлүк партияларда кайра шайлоого катышып жаткандардын саны 4төн ашкан эмес. "Кыргызстан коммунисттер партиясынан" кайра шайлоого эч бир талапкер катышкан эмес.

Белгилей кетсек, мурдагы партиялардын курамынан жалпы жонунан 79 талапкер кайра шайлоого башка партиялар менен катышып жатат.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы










Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты