Астана аэропорту бороонго байланыштуу убактылуу жабылды

Астана аэропорту бороонго байланыштуу убактылуу жабылды

 

Астана аэропорту жагымсыз аба ырайына байланыштуу авиакаттамдарды тейлөөнү токтотту.

Жарандык авиация комитетинин билдиришинче, Эл аралык Нурсултан Назарбаев аэропорту метеошарттарга байланыштуу учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатында убактылуу жабылды.

Аэропорт сайтындагы маалыматтар боюнча ондогон ички жана тышкы каттамдар токтотулду. Комитет жүргүнчүлөргө каттамдары тууралуу маалыматтарды авиакомпанияларга байланышып тактоону сунуштоодо.

Кардуу бороон жана туманга байланыштуу Казакстандын бир катар аймактарындагы трассаларда да автотранспорт кыймылдарына чектөө киргизилди. Астанада мектептердин жана колледждердин 1-2-курстарынын студенттери бүгүн түшкө чейин окушкан жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты