Мектептерди беш күндүк окууга өткөрүү демилгеси колдоо табууда

Мектептерди беш күндүк окууга өткөрүү демилгеси колдоо табууда

Жогорку Кеӊеште мектепте окуу күндөрүн ыраатташтырууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны менен Кыргызстанда мектептерди толугу менен жумасына беш күндүк окууга өткөрүү каралып жатат.

Демилгечилер – депутаттар тобу. Алардын бири, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгилөөдө.

Жыйында алты күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар ар кандай ийримдерге катыша албай, мугалимдердин да сабакка даярданышына убакыт тартыш болуп жатканы, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилери айтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстандагы мектептердин 80 пайызы пилоттук негизде беш күндүк окутуу тартибинде иштеп жатат. 159 мектепте окуучулар үч нөөмөттө окуйт. Мектептерди жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты