Электр энергиясына жаңы тариф сунушталды

  • 3 года мурун

Электр энергиясына 1 сом 9 тыйындык бирдиктүү тарифти белгилөө сунушталууда.


Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 15 – июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыгып, жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат.

«Калк үчүн бирдиктүү тариф болот. Мурдагыдай категорияларга бөлүнбөйт. Жалпы калк үчүн 1 сом 9 тыйындык тариф сунушталууда, башкача айтканда, тариф азыркыга караганда 32 тыйынга көтөрүлөт. Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууда чектөөлөр болбойт. Жалпы калк үчүн кыш мезгилинде кургакчылык мезгили бүткүчө 1000 киловатт саатка чейинки чектөөнү калтыруу сунушталууда. Ал эми башка максатта колдонгондор үчүн тарифти 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштайбыз», — деди Доскул Бекмурзаев.

Эске салсак, Энергетика министрлиги бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн – 1 сом 4 тыйын, жалпы колдонуучулар үчүн — 1 сом 48 тыйын, өнөр-жай ишканлары үчүн — 2 сом 38 тыйын, коомдук транспорт үчүн – 1 сом 68 тыйын, алтын иштетүүчү жана майнинг компаниялар үчүн – 4 сом 76 тыйындык тарифти сунуштаган. Ошондой эле жалпы колдонуучулар 1000 кВт. сааттан өткөрүп ийгенде 2 сом 29 тыйындан, ал эми социалдык жөлөк пул алган жакыр үй бүлөлөр 74 тыйындан төлөшөт деген сунушун берген.

Дүйнөлүк банк электр энергиясына болгон баанын кымбатташын кубаттоого алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты