​Азиз Суракматов камакта калды

  • 3 года мурун

15 — июнь күнү Бишкек шаардык соту экс-мэр Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча арызын карады.


Бишкек шаардык сотунун коллегиясы кеңешип, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырууну туура көрдү.

Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга шектелип, 26 – май күнү камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов аталаш тууганы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов менен бирге Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө аянты 15 гектар кымбат баалуу жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты