​Бир батирге 250 адамды «батырган» адамдын иши сотко өттү

  • 3 года мурун

Токмок шаарынын тургундарын шайлоо алдында массалык түрдө каттоого алган Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу адамына кылмыш иши козголуп, иши сотко өттү.


БШК мүчөсү Гульнара Журабаеванын айтымында, бул окуя массалык каттоонун кыныгын алган талапкерлерге, чиновниктерге сабак болушу керек.

«Айрым талапкерлер Токмок шаарына жакын жайгашкан айылдардагы туугандарын, тааныштарын өз батирине каттоого алышкан. Токмокто айрым үй ээлерине акча убада кылышканы да билинип жатат», — дейт Гульнара Журабаева.

11 — апрелде өткөн жергеликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Токмок, Бишкек жана Ош шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алган. Токмок шаардык кеңешине талапкер болгон бир адам өз батирине 250 адамды каттаттырган.

Эске сала кетсек, 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо «Эмгек» партиясы Токмок шаарынан шайлоочулардын 47,7 пайыз добушуна ээ болуп, ишенимдүү жеңишке ээ болгон.

Шайлоо административдик ресурсту массалык түрдө колдонуу менен өткөнүн айткан атаандаш партиялар Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан. Натыйжада, Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты