​«Жер сатып байыган» деп УКМК дагы бир экс-вице-мэрге иш козгоду

  • 3 года мурун

УКМК Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин мыйзамсыз байыганын аныктады.


«Ал кызмат абалынан пайдаланып, курулуш компанияларына муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен материалдык жыргалчылыктарга ээ болуп турган. Уланбек Азыгалиев жана анын туугандарынын активи эч кандай киреше булактары жок туруп, 100 миллион сомго көбөйгөн» — дейт УКМК.

У. Азыгалиевдин мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында анын жакын туугандарына төмөндөгүдөй мүлктөр катталган.

1. Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл облусундагы 7 жер тилкеси;

2. 11 кеңсе жайлары;

3. 4 бүтө элек турак – жай;

4. 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай;

5. Ысык-Көл облусундагы 2 коттеж;

6. Кымбат баалуу 5 авто унаа.

Фото УКМКдан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты