​Сууга түшүү эрежелери

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жыл башынан бери (11-июнга чейин) сууга чөгүп каза болгондордун саны 44 адамды түзгөн болсо, анын 12си 12 жашка чейинки балдар болгон.


Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылында 11-июнда 42 жаштагы киши жана анын 20 жаштагы кызы Ысык-Көлгө чөгүп кетишти. Маалыматка ылайык, кызы чөгө баштаганда, атасы сактап калууга аракет кылып, экөө тең чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү эрежелерин эскертет.

— Сууга уруксаат кылынган жерде гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

— тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

— кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

— күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

— үйлөмө матрац, жаздыкчал, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

— көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайык жана катерлерден сууга секируугө болбойт.

— Кароосуз калган жана техникалык жактан бузук кайыкты пайдаланбаныз;

— мас абалда сууга түшүп, кемеге түшүп сейилдебениз;

— сууда бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаныз;

— караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз.

Эгер Сиз:

— чарчап турсаңыз;

— күн өтүп кеткен болсо;

— ачкарын болсоңуз;

— суусап турган болсоңуз;

— ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз, сууга түшпөңүз.

Кырсык болуп, сууга чөгө баштасаңыз, өзүңүздү жоготпой, шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн.

Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамышы түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Ачык суу айлампаларында 150Стан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдон адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.


Ысык уруу


Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт.

Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот. Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.


Сууга түшүүдө тарамыш түйүлүү, карышуу


Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймылдаганда байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдө, үшүп калганда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлсө, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сонң сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.

Муштумду түйүп, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп, муштумду жазыңыз.


Биринчи жардам көрсөтүү


Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек. Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз. Эгер жабыркаган адам ан-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.

Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.

Убакыты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу- мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жб.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек.

Чөгүп кеткенде чыгарылганда, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынын жаткырышат.

Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек:

—кол менен, астыңкы жаакка колду коюп ачуу;

— санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.б.) жардамы менен.

Кээ бир учурда жакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.

Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, реанимация иш-аракеттерин улантуу кажет.

Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт.

Дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.

Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын дене табынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек.

Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот.

Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.

Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.

Адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.


Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болуңуздар!

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты