​Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлар (Тизме)

Бишкек шаарында Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү.


Шопоков көчөсү, Москва көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин, «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» муниципалдык ишканасы уюштурган муниципалдык унаа токтоочу жай орун алган. Ишкана буга чейин бардык тиешелүү белгилерди орнотуп койгон, ошондой эле унаа токтоочу жайдын баасы көрсөтүлгөн жана жолдомолор берилет, унааңызды канчага убакытка койгонуңузга карабастан, 25 сомду түзөт.


Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар кайсы көчөдө жайгашкандыгын эсиңиздерге салат:


— Бейшеналиева көчөсү — Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин;

— Кулиев көчөсү — Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

— Токтогул көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан Ала-Арча дарыясына чейин;

— Киев көчөсү -Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейин;

— Павлов көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин;

— Сүйөркулов көчөсү — Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;

— Юнусалиев көчөсү — Сүйөркулов көчөсүнөн Безымянный көчөсүнө чейин ;

— Жукеева-Пудовкин көчөсү -Безымянный көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;

— Орозбеков көчөсү — Фере көчөсүнөн Можайский тилкесине чейин («Old push» курулуш базары);

— Ибраимов көчөсү — Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин («Комфорт» базары);

— Кулатов көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин (май жана сыр базасы);

— Сүйүмбаев көчөсү — Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин;

— Огонбаев көчөсү -Гоголь көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;

— Клуб тилкеси (Сары-Өзөн базары);

— Токтогул – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши;

— Исанов көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин;

— Курманжан Датка көчөсү- Жибек Жолу проспектисинен Славян көчөсүнө чейин.

Унаа токтотуучу жай муниципалдык экендигин кантип аныктоого болот?

Биринчиден, унаа токтотуучу жай муниципалитетке таандык экендигин көрсөткөн жол белгилери бар.

Экинчиден, муниципалдык операторлор «Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары» деген муниципалдык ишкананын, Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилеттерди кийишет жана төш белгилери бар, ошондой эле алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар талон беришет.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде унаа токтоочу жайларга байланыштуу кандайдыр бир нааразычылыктарыңыздар же сунуштарыңыздар болсо, 0 550 213 050 номерине кайрылыңыздар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты