​Россия кыргыз-тажик чек арасын такташууга жардам берет

  • 3 года мурун

Чек ара чатагынан уланган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелер кескин салкындап кеткен.


Россия эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо процессине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова:

«Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси өзүнүн логикалык жыйынтыгына жеткирилиши керек. Биз кыргыз жана тажик тарапты мурда жетишилген келишимдерди так сактоого чакырабыз.

Эгер тараптар кызыкдар болсо, бир тууган эки мамлекеттин чек ара аймактарында коопсуздукту орнотууга, туруктуу тынчтыкты бекемдөөгө Россия Федерациясы жардамдашууга даярбыз экенибизди тастыктайбыз», — деди.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан 134 адам жаракат алып,13 адам көз жумган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты