«Кумтөр» иши боюнча Никитенко менен Сурабалдиева да суракка барды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жана мурдагы депутат, экс-вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиевалар «Кумтөр» иши боюнча Аскер прокуратурасында суракка барышты.


Алар 2017-жылы өзгөртүлүп, ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча суракка алынышкан.

Суу кодексине киргизилген андагы өзгөртүүлөр боюнча, кенге жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө тоо-кен иштери үчүн таасир этүүгө, тагыраак айтканда талкалоого юридикалык укук берилген.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» иши боюнча 4 кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан 31 — майдан бери бир катар мурдагы чиновниктер, Жогорку Кеңештин депутаттары камакка алынышкан. Алар: Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депуттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Данияр Нарымбаев Алмазбек Батырбеков, экс-премьер министр Өмүрбек Бабановдор 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты