​Эмдөөдөн кийин коронавирус менен ооруп калуу коркунучу бар. Бирок жеңил формада (Фактчекинг)

7-май күнү, turmush.kg басылмасында “Эгерде адам эмдөөдөн кийин коронавирус менен ооруп калса, ал жеңилирээк формада өтөт”, — деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов маалымат бергени айтылат.

Аталган билдирүү, Фейсбук колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратып, эмдөө алуунун пайдасы барбы деген суроолор жаралган.

ПолитКлиника медиасы, бул маалыматты текшерип көрдү.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматына ылайык, эч бир вакцина адамды 100% илдеттен коргой албайт. Мисалы, гриппке жана кызамыкка каршы сайылган вакцинанын орточо эффективдүүлүгү 75-80% экени белгиленген. Башкача айтканда, эмдөө алгандан кийин да бул оорулар менен кайра ооруп калуу коркунучу бар.

Коронавируска каршы өндүрүлүп чыккан вакциналар 100%дык коргоону камсыз кылбайт

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси боюнча сунушталып жаткан препараттардын эффективдүүлүгү 79%дан баштап 95%га чейин экени көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, эч бир вакцина коронавирусан 100%дык коргоону камсыздай алаары белгиленген эмес.

Эмдөөдөн кийин ооруп калуу коркунучу 1 пайызга жетпейт

Окумуштуулар коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин, экинчи ирет ооруп калуу коркунучу тууралуу бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

Алсак, 6-май күнү New England Journal of Medicine журналында жарыяланган изилдөөдө Колифорниядагы Pfizer/BioNTech 28 миң медицина кызматкери изилденип, вакцинациядан кийин COVID-19га оң натыйжа берген 7 киши аныкталган. Бул эмдөө алгандардын 0,02% ын түзгөн. Окумуштуулар, вакцинанын 2 дозасын алгандарда кайра ооруну жуктуруп алуу коркунучу минималдуу экенин белгилешкен.

Ошондой эле ,ооруну жуктуруп алгандар эмдөөдөн кийин организминде жетиштүү деңгээлде антитело пайда боло электе ооруган адамдар менен байланышта болушу мүмкүн деген божомол айтылган. ДССУнун маалыматына ылайык, вакцина алгандан кийин организмди коргоочу иммундук бөлүкчөлөр 14 күндөн кийин гана пайда боло баштайт. Ошондуктан, эмдөө алган соң да коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү экени айтылып келет.

Ушундай эле изилдөө, Далластагы Техас Университетинин медициналык борборунда жүргүзүлгөн. Ага 8121 киши катышып, эмдөөнүн эки дозасын алгандардын арасында төрт адамда гана COVID-19 позитивдүү болуп чыккан.

Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко Россия Федерациясында коронавируска каршы эмдөөдөн кийин жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, илдетти экинчи жолу жуктуруп алуу коркунучу 0,08% экенин жана бул эмдөө албаган жарандарга караганда бир топ аз экенин билдирген.

Мындан сырткары, февраль айында Израилде жүргүзүлгөн 1000ден ашуун адам катышкан изилдөөдө Covid-19га каршы вакцинанын 2 дозасын алгандан кийин ооруу жеңил өтөөрү жана өлүм менен байланыштуу фактылар болбой турганы далилденген.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясын жайылтпоо жана токтотуу үчүн калктын 70-80%ы иммунизация процессинен өтүүсү керектиги айтылып келет.

Жыйынтык: Чындык. Коронавируска каршы эмдөөнүн эки дозасын алгандан кийин коронавирус менен ооруп калуу коркунучу бар. Бирок, анын ыктымалдуулугу өтө аз жана оор кесепеттерге алып барбай турганы далилденген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты