​Орхан Инандыны табуу талабы менен дагы митингге чыгышты

Бүгүн, 8-июнда дагы, “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандыны табуу талабы менен анын тарапташтары митингге чыгышты.

31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган Орхан Инандынын дайын дареги али күнчө белгисиз.

​Орхан Инандыны табуу талабы менен дагы митингге чыгышты

«Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны табууга жардам берген маалымат үчүн 1 миллион доллар убадалашкан.

Бул окуя боюнча ИИМ тарабынан «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө иштерин жеке Президент өз көзөмөлүнө алып, күч органдарынын кошумча күчтөрүн тартууга буйрук берген.

Орхан Инандынын жубайы күйөөсүн Кыргызстандагы Түркия элчилигинде кармап турушат деп эсептейт.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты