​Казакстан Тажикстанга аскерий жардам катары ок-дарыларын береби? (Фактчекинг)

4-июнь күнү, Мавлян Аскарбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу “Казакстан Тажикстанга аскердик жардам катары ок-дары берет” деген маалыматты бөлүшкөн. Ал, бул маселени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөбөй жатканын билдирген.



















ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

2019-жылдан бери Тажикстанга аскердик жардам берүү маселеси көтөрүлүп келген

2019-жылдын 10-январында, Казакстандын “Ачык Өкмөт” мамлекеттик порталында «Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо” долбоору коомдук талкууга коюлган.

Аталган долбоор кайрадан 2021-жылдын 3-июнь күнү сайтка жайгаштырылган. Добуш берүү ушул жылдын 17-июнуна чейин өткөрүлөт. Эгерде долбоор колдоо таба турган болсо, Казакстан Тажикстанга 3 миллиондон ашуун ок даарыларды бере турганы жазылган.






















Бул жардам ирээтинде бир жолу берилээри айтылат

Белгилей кетсек, Temirov Live каналынын журналисттери жарыялаган иликтөөдө Тажикстан мурдагы жылы, аскердик курал жарактарды сатып алуу үчүн 2 миллион 492 миң даллар сарптаганы далилденген. Аталган жардам, Казакстан менен Тажикстандын ортосунда 1999-жылдын 16-декабрында кабыл алынган “Аскердик чөйрөдө кызматташуу” мыйзамын негизинде берилип жатканы белгиленген.

Ушундай эле жардамды Казакстан Кыргызстанга да берет

Казакстан Кыргызстанга аскердик техникаларды берүү тууралуу жарлыгын 6-апрель күнү коомдук талкууга койгон.

Аталган чечим, 2-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

Анда, Казакстан Республикасы Кыргызстанга 6,5 миллиондон ашуун ок-дарыларды жана аскердик техникалык жардамдарды бере турганы белгиленген.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө, жардамдын дагы бир себеби Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 1997-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган “Аскер чөйрөсүндө кызматташуу жана коопсуздукту чыңдоо зарылдыгына негизделген жобо экени айтылат. Аталган жободо, коңшу мамлекет катары Кыргызстан менен Казакстан бири-бирине аскердик жардамдарды берип тураары жазылган.

Белгилей кетсек, бир мамлекеттин экинчи бир мамлекетке аскердик жардам көрсөтүүсү дүйнөлүк практикада көп колдонулуп келе жаткан метод.

Жыйынтык: Казакстандын Тажикстанга акскердик жардам көрсөтүү демилгеси бар экени чындык. Бирок, ошол сыяктуу эле жардамды Казакстан Кыргызстанга да бере турганын айткан. Мындан сырткары жардам ирээтинде курал-жарак берүү көп мамлекетте колдонулат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты