Сот депутат Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыратты


Сот депутат Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыратты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кести. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.

Өкүмдү судья Абдразак Боромбаев окуду.

Сот Исаевди эки иш — муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча айыптуу деп таап, калган эки эпизод боюнча актады.

Судьянын айтышынча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде Исаевдин жаза мөөнөтүнүн төрттөн бири кыскарат.

Исаевдин адвокаты Сергей Слесарев базардын жана автобекеттин курулуш боюнча чечимдер шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынганын айтып, бул иштер боюнча айыптоо өкүмү чыкканына таң калып отурганын билдирди. Ал райондук соттун чечимин жогорку инстанцияга арызданышарын кошумчалады.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн.

Бул сот ишинде Исаев менен кошо дагы алты кишиге айып тагылган.

Анын ичинде Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбеков да Кылмыш кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айыптуу деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Аларды да күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмү чыгып, сот залынан камакка алынды. Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбековдун мүлктөрүн да мамлекет эсебине алуу өкүмү чыкты.

Ал эми Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиев иштери кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарды.

Бүгүн сотто акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев айыптоочулар сотту атайылап адаштырып жатат деген пикирин айткан. Ал тергөөдө ишеничтүү документалдык далилдер келтирилбегенин, жок айып тагылып жатканын билдирген.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары «Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деп айыптаган жана далил жетишүү экенин айтып, ишти сотко өткөрүп берген. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон.

Депутат Исаев мындан тышкары «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты