​УКМК: Унжу-Булакта кырдаал туруктуу

  • 3 года мурун

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы билдирди.

«6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады», деп жазылган маалыматта.

УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык чек арачылардын күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөсү уланууда.

4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарта баштаган.

Кыргызстандын Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет, натыйжада, аталган участокту Тажикстан Республикасы тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн» деп билдирүү тараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты