​Баткен облусунун башчылары тажик тарап менен биргеликте коопсуздукту сактоону сүйлөшүштү

  • 3 года мурун

Кечээ, 4 – июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.


Алар Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешкен милициянын жана чек арачыларынын ишин күчөтүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун акимдеринин Тажикстандын Согди облусунун Исфара жана Гафуров облустарынын акимдери менен жолугушуусу болуп өттү.

«Эки мамлекеттин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен укук коргоо органдары чыр-чатактарды биргеликте алдын алуу жана чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барууда. Азыр Тажикстан менен чектешкен аймактарда абал тынч », — деп айтылат жергиликтүү бийликтин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты