Кыргызстанга алтын куймаларын алып келе жаткан өзбекстандыктар кармалды

Кыргызстанга алтын куймаларын алып келе жаткан өзбекстандыктар кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстанга алты алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Чек ара кызматына шилтеме берүү менен Өзбекстандын «Vesti.uz» сайты жазып чыкты. Маалыматта аларды өзбек чек арачылары колго түшүргөнү айтылат.

Кармалгандар Өзбекстандын Фергана районунун тургундары Акбаржон Тураев жана Нодиржон Каримовдор экени кабарланды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш милицияга өткөрүлүп берилген.

Алтын куймаларынын ар бири 4,7 килограммдан болгону жана 999,6 үлгүсүндө экени аныкталды. Алардын жалпы баасы 1,5 миллиард сум (болжол менен 180 миң доллар) деп болжолдонууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты