​Зордукталган 7 жаштагы Айгөлөктүн баяны

Ош облусунун райондорунун биринде 7 жаштагы Айгөлөк (Аты өзгөртүлдү) белгисиз бирөө тарабынан зордукталган. Про-боно адвокаттар Айгөлөктүн ата-энесине бекер юридикалык жардам берип, иш сотко өттү.


Айгөлөк Ош облусунун райондорунун биринде таене, таятасынын колунда турчу. Атасы менен апасы Россияга миграцияга кетишкен. Кыз 1 чакырым алыстыктагы мектепке жөө барып окуп келчү.

Мектептен чыгып, дос кызы менен ойноп, үйүнө кайткан учурда белгисиз атуул тарабынан зордукталган.

Ал күнү Айгөлөктү таята-таенеси кечке маал талаадан таап, Ош облустук ооруканага жеткиришкен.

Милиция бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бул иш Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү “Жашы жете элек баланы зордуктоо” беренеси боюнча каттап, оперативдик топ кошуна айылдын тургуну 26 жаштагы Нурландын (аты өзгөртүлдү) кармаган.

Нурлан тергөөдө көрсөтмө берип, жасаган ишин мойнуна алган жана мас абалында билбей калдым деп көрсөтмө берген.

ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында Адвокаттарды окутуу борбору ишке ашырып жаткан долбоордун про-боно адвокаттары Айгөлөккө бекер юридикалык жардам көрсөтө баштаган.

Про-боно адвокат Нургүл Жолдошеванын айтымында, кызды уурдап кетип, күч колдонуу менен жыныстык катнашта болгону, кыз катуу жабыркаганы аныкталган.

Айгөлөк 9 күн комада жатып, эми гана өзүнө келип жатат. Врачтар 1 жыл төшөктө жатышы керек деп айтып жатат”, — дейт адвокат.

Экспертиза Нурландын психикалык саламаттыгы ордунда деген бүтум чыгарган.

Учурда тергөө аяктап, Нурланга айыбы угузулду. Ал Жазык кодексинин 161, 162-беренелеринин 4-бөлүмдөрү “Жаш баланы оор формада зордуктоо, ден-соолугуна оор зыян келтирүү” боюнча иш сотко өтүп жатат.

Биз киши уурдоо беренесин дагы кошууну талап кылып жатабыз. Буюрса, иш сотко өтүп жатат. Биз айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну соттон дагы талап кылабыз. Бизде өлүм жазасы жок болгондуктан, өмур бою эркинен ажыратуу — бул максималдуу жаза болуп саналат. Биз ошону талап кылабыз. Соттор дагы ишти карап, адилет чечим чыгарып берет деп ойлойбуз”, — дейт Нургүл Жолдошева.

“Кыз бул окуяны унутканы менен организми кийин баары бир эстетет”

Кыз менен психологдор дагы иш алып барып жатат. Психологдордун айтымында, кыз али жыныстык катнаш тууралуу такыр маалыматы жок болгондуктан, эмне болгонун деле жакшы түшүнбөй калган. Ошондуктан, кыздын келечегин эске алып, балким бул окуяны түшүнбөй деле калганы туура болот деген бүтүмгө келип жатышат.

Кыз өзүнө келмейинче ал окуя тууралуу айтпай, сурабай эле турган жакшы. Бара-бара баары ачыкталат. Кыз бул окуяны унутканы менен анын организми баары бир эстетет. Убакыт сааты жеткенде айтып, кыз менен психологдор ошондо иштеши керек. Азыр кызды жакшылап көгөмөлдөп туруу зарыл”, — дейт психолог Шолпан Мамытова.

Былтыр 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган


2020-жылы Кыргызстанда балдарга карата 287 зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу балдар укугу боюнча өкүл Жыпариса Рысбекова брифингде билдирген.

Физикалык зомбулукка 177 бала, сексуалдык зомбулукка 71 бала кабылган, анын ичинен 63ү кыз балдар. Ошондой эле 63 бала психологиялык зомбулукка туш болгон”, — дейт Рысбекова.

Фактылардын 42%ында зомбулук балдардын жакын туугандары жана тааныштары тарабынан жасалган, ал эми 32%ында ата-энеси тарабынан көрсөтүлгөн, ал эми 14%ында башка туугандары зомбулук жасаган.

Физикалык зомбулукка 177 бала, сексуалдык зомбулукка 71 бала кабылган, анын ичинен 63ү кыз балдар. Ошондой эле 63 бала психологиялык зомбулукка туш болгон”, — дейт Рысбекова.

Фактылардын 42%ында зомбулук балдардын жакын туугандары жана тааныштары тарабынан жасалган, ал эми 32%ында ата-энеси тарабынан көрсөтүлгөн, ал эми 14%ында башка туугандары зомбулук жасаган.

“Балдар жакшы корголбой жатат”


Акча табуу максатында мигрант болуп кеткен ата-энелердин балдары көп зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгын “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүль Турдубекова айтат.

“Бирөөнүн баласын бирөө карабайт да. Мисалы, ата-энелер балдарын чоң ата, чоң эне, таята-таенеси, чала тааныш туугандарына таштап миграцияга агылып кетишүүдө. Таштаган адамдары балдарга ата-энесиндей мээрим төгүп карашпайт. Алардын арасында зордук-зомбулукка кабылган балдар өтө көп”, — дейт Назгүль Турдубекова.

Аны менен катар эле Турдубекованын айтымында, Кыргызстанда балдардын укугун коргой турган система жок.

Мурда социалдык мекемелер балдардын гана укугун коргоп келишсе, азыр алар чоң адамдардын, аялдардын укугун дагы коргоп, мындан улам балдардын укугу жакшы корголбой калып жатат. Андай болбойт да. Балдар менен күндө иштеш керек”, — дейт Турдубекова.

ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында Адвокаттарды окутуу борбору ишке ашырып жаткан долбоордун про-боно адвокаттар үйбүлөдөгү зомбулук, аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча бекер юридикалык жардам көрсөтүшөт. “Про-боно” сөзү латын тилинен которгондо “коомдун кызыкчылыгы үчүн” деп которулат.

Эгер сиз дагы үйбүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн болсоңуз Адвокаттарды окутуу борборунун про-боно адвокаттарына кайрылсаңыз болот.

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]

Автор: Дилбар Алимова

Иллюстрация: Алина Печенкина

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты