​“Балага мээрим төккөндөй мээрим төкмөйүнчө, комуз жасалбайт”

Биздин ата-бабаларыбыз байыртан бери аздектеп келе жаткан устачылык өнөр ар бир адамга буюра бербейт. Мына ошол өнөрдү 30 жылдан ашык убакыттан бери аздектеп келаткан жыгач уста Манапбаев Мирбек мырзанын устаканасына баш бактык.


“Канча жыгачты чапкылап отко жактым”


Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом. Эки кыз, бир уулдун атасымын. Уулум менин жолумду жолдоп устачылык өнөр менен алектенет. Ар бир адамга табиятынан кандайдыр бир шык, өнөр берилет. Ошол нерсени туура пайдаланып, кармап калыш керек. Тубаса өнөр менен алектенип, орто жолдон аны чолок кылып таштап койгондор да жок эмес. Андай болбойт, устачылык өнөрдү баштагандан кийин аны калтырбай, жан дили менен улантышы керек.

Мага устачылык өнөр табиятымдан берилсе керек. Бала кезимде эле ылайдан үй, машина сыяктуу нерселерди жасап ойночу экенмин. Ошондо эле устачылык өнөргө ыктап жүрсөм керек. Эсимде, 6-7-классымда комузга кызыгып, “жыгачтан кантип ушундай мукамдуу үн чыгат” деп канча жыгачты комуз жасоо үчүн кургатып, чапкылап отко жактым. Антейин десем, апам айылда колунан көөрү төгүлгөн ууз. Атам деле биз бала кезде өзүнө керектүү болгон буюмдарды өзү эле эптештирип жасап алчу. Ал нерсе дагы менин уста болушума таасирин берсе керек.





















“Биз кол менен карыштаганды унутуп, сызгычка келдик”

Ар бир жасап жаткан нерсеңе мээрим төгүшүң керек. Балаңа мээрим төккөндөй мээрим төкмөйүнчө комуз жасалбайт. Мен көбүнчө кылдуу жана урма аспаптарды жасайм. Комуздан сырткары кыл кыяк, жетиген, жеке сан, доолбас, жетиген, кырк элек, асатаяк, бубин, тай туяк, сандык, бешик жасайм.

Илгери 19-кылымда Жолой деген бакшы болгон. Ал кыл кыяк менен элди дарылаган. Ошол кишинин кыл кыягын иштеп чыктык. Кыл кыякчы Саипбек Муратовдун кыягын, Токтогулдун комузун иштеп чыктык. Токтогулдун илгерки комузунун үнү акырыныраак чыкчу, биз аны бир аз чоңойтуп иштеп чыктык. Ошондой эле, эчкинин, төөнүн терисин да кургатабыз. Андан доолбас сыяктуу катуу үн чыгаруучу аспаптарды жасайбыз.

Мурда кыргыздар ченемге эмес, карышка салып өлчөп жасашкан. Мисалы, комуз бир карыш, бир нукум болушу керек. Ошондо комузду чертип аткан кишинин колуна туура келет. Бешикти да баланын апасына карап, бою узун энеге чоң бешик, жапалдаш бойлуу энеге бешикти кичирээк кылып жасашкан. Бирок, биз азыр бул нерсени унуттук дагы сызгычка келдик. Сызгыч менен ары кетип, бери кетип атып комуздун жасалуу энин таптык. Биз комузду жасоодо кыргыздын нукуралыгынан тайбашыбыз керек.



















“Бир комуз үч жылда даяр болот”


Сапаттуу комуз жасоого өрүктүн жыгачы жакшы. Негизи жыгач үнсүз жыгач, үн берүүчү жыгач болуп экиге бөлүнөт. Көбүнчө мөмөлүү дарактардан жасалган комуздар жакшы үн берет. Акыркы кезде соодага кызыккандар ар түрдүү жыгачтан жасап аткандыктан комуздагы ыргактар өзгөрүп баратат. Өрүктөн жасалган аваз менен башка жыгачтан жасалган үндүн, музыканы түшүнгөн адамды айырмасы асман менен жердей. Бир комузду жасоо үчүн үч жыл кетет. Атайын жыгачты кыйып алган соң аны кургатабыз. Даяр болгон үлгүнү өлчөп-кесип чыйырлап алабыз. Атайын аспаптардын жардамы менен формасына келтирип, комуздун көөдөнүн жана ичин оюп алабыз. Андан кийин моюнун, ийинин, ээгин жана башын чыгарабыз. Анан капкагын өлчөп алып ал келе турган жерин даярдап, тепкесин, кулагын жана кылдарын тагабыз. Ошентип, жыгачын кургаткандан баштап биз жасап аткан комуз үч жыл дегенде даяр болот. Эгерде бир жеринен туура эмес кесилип, же оюлуп кетсе аспап катары өмүр сүрүшүнө залака тийип, аваз үнүнө да таасир тийгизиши мүмкүн.



“Таланты жок болсо, мойнунан жетелеп үйрөтө албайт экенсиң”


Убагында колумдан келген устачылык өнөрүмдү, билгендеримди окуучуларыма үйрөттүм. Бирок, айрымдары үйрөнө албай коюшту. Устачылык таланты жок болсо, мойнунан жетелеп үйрөткөн болбойт экен. Бирок, үйрөнөм дегендерге үйрөткөнгө дайыма даярмын. Учурда шакирттериме ыңгайлуу болуш үчүн комуздун ичин оюп бере турган атайын инструмент жасап атам. Себеби мен аларга көбүрөөк убакыт бөлүп, өзүмдүн эмгектеримди аз жасап калат экенмин.





















“Комузду 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин сатабыз”


Кардарларыбыз көп. Башка өлкөдөн келип алгандар да бар. Мисалы, биздин комуздарга казактар, кытайлар, франсуздар көп кызыгышат. Менин жаш кезимде жасаган комуздарымды айрым таланттуу адамдар азыр да көтөрүп чертип жүрүшөт. Ошол эмгектериңди көргөндө жаш кезиңди эстеп, ошол кездеги көз ирмемдер көз алдыма тартылат. Комуздарымды 5 миңден 20 миңге чейин баалап сатабыз.


Кымбат Турдубекова



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты