D витамини болсо, организм коронавируска туруштук бере алат

Баяндар

«Биздин Кыргызстаныбыз – күнѳстүү ѳлкѳ, андыктан D витаминине андай деле зарылдык болбойт», «D витаминин балдарга эле бериш керек» ж.б. ушул сыяктуу сѳздѳрдү угуп эле жүрсѳӊүз керек.


Мунун баары жаӊылыш пикирлер. Чынында D витамини кишинин организминин натыйжалуу иштѳѳсү үчүн абдан чоӊ мааниге ээ.


Кишинин организми үчүн D витамининин зарылдыгы тууралуу КММА патологиялык физиология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшиндин айтып берүүсүн ѳтүндүк.




















Сүрөттө медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшин

Витамин деген эмне жана D витамининин мааниси


Витаминдер – бул биздин организмибиздеги зат алмашуу үчүн зарыл болгон заттар. Витаминдер эки чоӊ топко бѳлүнѳт: майда эрүүчү жана сууда эрүүчү витаминдер. Мисалы, D витамини майда эрүүчү витамин болуп саналат.


Бул витамин организмге ар түрдүүчѳ таасир этет жана ден соолугубуздун жалпы абалын аныктайт. Эмне үчүн организмде D витамининин жетишсиздиги келип чыгат? D витаминин камтыган майлуу азыктар адатта организм тарабынан жеӊил сиӊирилет. Бирок ѳт, уйку без, боор, ичеги ооруларында майда эрүүчү витаминдер дээрлик сиӊирилбейт. Мындай учурда адам майда эрүүчү витаминдерге бай азыктарды канчалык кѳп пайдаланса да, жакшы майнап чыкпайт.


Заманбап медицинада майда эрүүчү витаминдер сууда эрүүчү витаминдерге айланып, сыртынан мембрана менен капталып калат. Бул эӊ жакшы методика. Мында D витамини ѳт менен боордун активдүү иштѳѳсүнүн эсебинен жакшыраак сиӊет.


Тамчы түрүндѳгү D витаминин дарыгердин кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык колдонуу керек. Анткени, бейтаптын курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен, анын организминин муктаждыгына жараша керектүү дозаны белгилѳѳ зарыл. D витаминин ашыкча пайдалануу ден соолукка зыян келтириши да мүмкүн.


Сүт азыктары D витаминин сиӊишине тоскоол болушу ыктымал


Балдар негизинен сүт азыктары менен тамактанышат. Бирок сүттѳ D витамини болбойт. Сүттүн курамындагы фосфор D витаминин сиӊирүүгѳ тоскоол болот. Азыркы коомдо витаминдерге бай азыктар колдо тургандай эле сезилет, бирок андай эмес.


D витамини жапайы лосось балыгында абдан кѳп. Бирок бул балыкты ѳмүрүмдѳ мен бир эле жолу кѳргѳм. D витаминине бай кеӊири тараган азыктардын катарына сельдь, сёмга, ошондой эле козу карындар кирет. Биздин базарларда козу карындардын абдан кѳп түрлѳрү сатылат. Бирок булардын баарынын D витамини менен каныгуусун камсыздаш үчүн аларды ультрафиолет нурларынын астында ѳстүрүш керек.


D витаминин күн нурларынан кантип алса болот


Кѳбүнчѳ D витамини биздин терибизде күн жарыгынын ультрафиолет нурларынын таасири менен пайда болот. Эгер күндүн тике нурларынын таасири менен D витамининин пайда болуу деӊгээли сентябрь айында жогору болсо, февраль жана март айларында кыйла тѳмѳнүрѳѳк болот.


Күнѳстүү ѳлкѳдѳ да D витамини керек


Күн кѳп тийбеген түндүк ѳлкѳлѳрдүн жашоочуларынын же болбосо жердин астындагы шахталарда иштегендердин арасында жүргүзүлгѳн изилдѳѳдѳн алардын жоон ичеги жана сүт бездеринин шишигине кѳбүрѳѳк кабыла турганы белгилүү болгон. Биз күнѳстүү ѳлкѳдѳ жашаганыбыз менен, аталган илдеттер статистика боюнча алдыӊкы позицияда турат.


D витамини териде эртеӊ мененки убакытта гана пайда болот. Эртеӊ мененкисин баарыбыз жумушка шашабыз. Ысык-Кѳлгѳ барып эле D витамини менен толук камсыз болдум деп ойлогон да туура эмес. Бишкектин абасы ѳтѳ эле кир. Биздин организмибизде D витаминин синтездеген ультрафиолет нурлары булганган абадан ѳтүп, бизге жете албай калат.


D витамининин жетишсиздиги ѳсүүнү жайлатып, тез чарчоого алып келет


Сѳѳктѳрдүн бекемдиги кальцийден кѳз каранды. Кальцийдин азыраак ѳлчѳмдѳ кѳбѳйүүсү же азаюусу организмибиздин жалпы абалын ѳзгѳртүп, жүрѳктүн жана нерв системасынын иштѳѳсүнѳ таасир этет.


Канда кальцийдин концентрациясы туруктуу болууга тийиш. Биз кальцийди жеген тамак-аштан алабыз. Бирок кальций тамак-аш аркылуу алынбаганда, организм аны сѳѳктѳрдѳн ала баштайт. Кальцийдин пайдалуу касиеттерин D витамини жакшыраак чыгарат.


Организмде D витамининин жетишсиздиги кандайча байкалат?


D витамини жетишсиз болгондо баланын териси кургап, тиштери кыйшык ѳсүп, кариес пайда болот, омуртка тутуму бузулат, ѳсүү жайлайт жана дайыма чарчоо абалы келип чыгат.


D витаминине муктаж болбогон киши ѳтѳ эле аз


D витаминин ѳзү билип ичүүгѳ болбойт. Эгер балада итий оорусу болсо, анда D витамини сѳзсүз берилүүгѳ тийиш. Башкы критерий болуп, дарыгер менен кеӊешкен соӊ, D витамининин дозасынын туура белгилениши эсептелет. Алгач кандагы D витамининин ѳлчѳмүн аныктап алуу зарыл.

Бизде жаӊы тѳрѳлгѳн ымыркайды катуу ороп койгонго кѳнүшкѳн. Бала буттарын кыймылдаткан сайын сѳѳктѳрү ѳсѳт. Ал эми баланы катуу ороп койгондо кальцийдин сѳѳктѳргѳ топтолуусуна тоскоолдук жаралат. Бүгүнкү күндѳ бѳбѳктѳрдѳ ядролук сарык оорусу кѳп кездешет. Мунун себеби – D витамининин жетишсиздиги. Кант диабети менен жабыркаган бейтаптарда да D витамини жетишсиз болот.


Организминде D витамининин ѳлчѳмү ар түрдүү болгон кош бойлуулардын балдары 10 жылдан кийин изилденген эмгектин жыйынтыктары D витамини жетишсиз болгон балдардын сүйлѳѳдѳ кѳйгѳйү бар экенин кѳрсѳткѳн.


Коронавирус учурунда D витаминин сѳзсүз алыш керекпи


Коронавирус менен ооруган жарандардын кѳбүндѳ D витамининин жетишсиздиги байкалган. Мындай бейтаптарды жасалма дем алдыруу аппаратына 11 эсе кѳп жаткырышат. D витамини биздин иммунитетке да чоӊ таасирин тийгизет. Эгерде D витамини норманын чегинде болсо, оору жеӊилирээк ѳтѳт.


Коронавирус ѳпкѳнүн эпителийлерин жабыркатат. D витамини болсо аны коргойт. Фиброздук ткань жабыркаганда кишинин дем алуусу оорлой баштайт. D витамини фиброздук ткандын санын кѳбѳйтүүгѳ жардам берет.

Нурланова Алтынай

Өнөктөш менен биргеликте даярдалган материал