Депутат Аида Салянова жүрөгү ооруп ооруканага жатты

Депутат Аида Салянова жүрөгү ооруп ооруканага жатты

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу Чүй облустук бейтапканасында дарыланат.

Бүгүн, 9-январда Салянованын соттук ишин кароо Бишкек шаардык сотунда уланмак. Адвокаттар соттолуучунун саламаттыгына байланыштуу отурумду жылдырууну өтүндү. Бирок судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, аны түштөн кийин сотко мажбурлап алып келүү аракети болорун билдирди.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй тургандыгы жазылган.

Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты