​Спутник Тажикстан агенттиги Тажикстандын Хистеварз айылы деп Кыргызстандын сүрөттөрүн берген

“Спутник” агенттигинин Тажикстандагы кызматы “Ураган Хистеварз: кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепети сүрөттөрдө” аталышындагы макаласын жарыялаган.


Анда Тажикстандын Хистеварз аймагы куралдуу кагылышуунун жыйынтыгында эң көп жабыркаган аймак экенин айтып, жабыркаган объекттердин сүрөттөрүн жарыялаган.

Бирок, сүрөттөрдө Кыргызстандын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын объекттери бар.

Макалада айтылган бул объект Арка айылынын тургуну Гапарова Элиза Турдалиевнага тиешелүү. Ал жерде дарыкана жана дүкөн болгон.

Аталган сүрөттөрдөгү объект Борбордук айылындагы жаран Абрахмандын тойканасы болгон.

Бул сүрөттөрдө ишкер Бозулан Мамазаировго таандык «Рэмми» имараты.





















Биздин кабарчылардын видеосунда

Аталган АЗС Арка айылындагы АЗСтердин бири. Биз тарткан видеого түшүп калган.

Видеодон скриншот

Баннерде жазылып тургандай, бул сүрөттө Жаштык айылынын тургуна таандык үй.

Ал эми айтылып жаткан “Осман Ойл” күйүүчү май бекети, Кыргызстанга катталган “Асман Ойл” ЖЧКсына таандын “Асман Ойл” күйүүчү май бекеттери. Ош шаарынын Кулатова 4а дарегине катталган. Негиздөөчүсү Топчубаев Рысбек Тургунович.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Раимбердиев Исманали калган объекттер дагы Кыргызстанга тиешелүү экендигин айтты:

Бул туура эмес маалымат. Алардын баары Кыргызстанга караштуу. Эки объект Бешкент айыл өкмөтүнө, калганы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө карайт”, — деп билдирди ал.

Жыйынтык: Манипуляция. Жалган маалымат. Спутник Тажикстан өзүнүн материалдын эч бир булакты көргөзгөн эмес, “жергиликтүү тургун”, “көргөнүн айтты” деп гана айтылат. Ошондой эле сүрөттөрдө кайсы аймак, кайсы объект экенин жазылган эмес.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Кесепетинде 136 турак-жай, 27 май куюучу жай (АЗС), 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана, 1 мектеп, 1 ФАП, 2 дарыкана, 1 бала бакча, 1 китепкана, 1 медициналык борбор, 1 стоматология жана 7 мамлекеттик имараттар жабыркады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты