​Эски аянтта боз үй тигип, митинг уюштурмакчы болгондорду милиция алып кетти

Жаңылыктар

Бүгүн, 2 - июнда «Кыргыз үмүтү» деп аталган коомдун 20 мүчөсү эски аянтта боз үй тигүүгө аракет кылышкан.


Алар мурдагы өлкө башчылары Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдордун экс-президенттик макамын алып салуу талабын билдирип келишет.


Боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг уюштурмакчы болгон 20дай адамды милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБине алып кетишти.


Фото интернеттен алынды