​«Кумтөр» боюнча экс-депутаттар суракка чакырылды. Алар кимдер?

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктарынын негизинде УКМК бир катар кылмыш иштерин козгогон.


Дал ошол иш боюнча айрым экс-депутаттар УКМКга суракка чакырыла баштады.

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов суракка баргандан кийин, өз каалоосу менен мамлекеттин эсебине 100 миллион сом төгүп берген. Ага карата эч кандай кылмыш иши козголгон эмес.

Ошондой эле «Кумтөр» иши боюнча экс-депутаттар Игорь Гусаров, Турсунтай Салимов да УКМКда сурак беришкен.

Булардан сырткары, бул иш боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариев дагы суралууда.

Эске сала кетсек, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» ишканасы боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын, бир катар экс-чиновник, депутаттарга суроолор бар экенин айткан.

«Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. «Кумтөрдөн» колдоо алып жүргөн депутаттар боюнча да иштер бар. Бул куру айыптоолор эмес, конкреттүү айыптары менен козгологон конкреттүү кылмыш иштери», — деген Камчыбек Ташиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты