​“Горшогун килемге төгүп койгону үчүн сабадым”. Өгөй ата сабаган 5 жашар баланын окуясы

5 жаштагы баланы өгөй атасы сабап, аны видеого тартып, апасына жиберген окуя эсиңиздерде болсо керек. Ошол иш “Жоруктар кодексинин” Үйбүлөдөгү зомбулук” беренеси боюнча каралып, айыпталуучу 60 миң сом айыпка жыгылды. Баланын жактоочулары бул жаза жетишсиз болуп калганын айтса, айыпталуучунун актоочусу айып пулду төлөгөнгө чамасы жетпей турганын айтып, коомдук иштерге тартуу менен алмаштырууну суранып жатат.


Бегайым 25 жашта. Ал бир уулу менен биринчи турмушунан ажырашып кеткен. Ошол учурда башка жигит менен таанышып, ал экөө жарандык никеде турмуш курушат. Башында жакшы эле жашап, уулдуу болуп, эки баланы чогуу чоңойто башташат.

Бара-бара жолдошу өзгөрүп, кол көтөрө баштайт. Өзүнө кол көтөргөнү аз келгенсип, 5 жаштагы уулун мурдун канжалата сабап жатканын видеого тартып, апасына жиберет.

“Андан мурда мен жолдошумдун бир кыз менен жазышып жүргөнүн билип калганмын. Анан ошол күнү дагы “Үйбүлөмдү бузуп жатасың, ал менин жолдошум, мына чогуу иштеп жатабыз азыр дагы деп сүрөтүн жөнөтүп жибергем. Анан ал күнү мен эжемдин үйүнө кеткен болчумун. Тиги кыз жолдошума аялың жазып жатат деп айтса керек. Эжемдин үйүндө отурсам, кечинде “Сүрөт жибере турган болуп калгансыңбы, мен ал кызга үйлөнмөкмүн, сүрөт жибергенди жакшы көрсөң мына балаңдын видеосун көрүп ал” деп ошол видеону жиберди”, — деп эстейт ал күндү Бегайым.

Жолдошу ага чейин дагы баланы сабагандан кийин сүрөт жиберип, бирок ал сүрөттү өчүрүп салган экен. Бул жолу дагы ошентип жоготуп албайын деп видеону дароо эжесинин номерине жөнөткөнгө жетишкен. Айтканындай эле, жолдошу эки тараптан тең дароо видеону өчүрүп салган.


























Сүрөттө: Бегайым уулу менен

Ал күнү түн болуп, жанында акчасы дагы жок болгондуктан баласына жете албай калганын айтат Бегайым. Эптеп таң атырып, дароо эле милицияга барып арыз жазган. Милиция кызматкерлери менен үйүнө барганда ал баланы урганын мойнуна алган эмес.

“Баламдын оозу шишип, канталагандай көгөрүп турган. Балам коркуп эч нерсе айтпай койду. Жуунтуп койгонбу, канталаган кийимдер жок, болгону оозунун шишиги калыптыр”, — дейт Бегайым.

Опер топ видеону көрсөткөндө гана ал жоругун тана албай калган. ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында Адвокаттарды окутуу борбору ишке ашырып жаткан долбоордун про-боно адвокаттары Бегайымга бекер юридикалык жардам көрсөтө башташкан.

Бул факты Жоруктар кодексинин “Үйбүлөдөгү зомбулук” 75-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Милиция аны 48 саатка убактылуу кармалуучу жайына камаган, бирок сот баш коргоо чарасы катары үй камакка алуу чечимин кабыл алган.

Про-боно адвокат Назира Абдимомунова айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алганын айтат.

“Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды, бирок ошол эле учурда 2 бөтөлкө сыра ичип алып, эмне кылганымды билбейм деп жатат. Прокурордун “Баланы эмнеге сабадыңар?” деген суроосуна ал “Ал менин баламдын горшогун чыгарып жатып, аны паласка төгүп алды” деп жооп берди”, — дейт адвокат.

Адвокат адам мас абалында болсо, видео тартып, аны жиберип, кайра аны өчүрүп салууну ойлоно алат беле (?) деп анын жоопторунун туура экенинен шек санаган. Айыпталуучу бул суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Про-боно адвокаттар маалыматтардын баарын анализдеп чыгышкан. Айыпталуучу аялынан өч алуу максатында баланы сабап, анысын видеого тартканы аныкташкан. Ошондуктан адвокаттар соттон масималдуу жаза берүүсүн суранышкан. Бул иш кылмыш иши эмес, жорук катары каралгандыктан мыйзамдарга ылайык, максималдуу жаза 60 миң сом өлчөмундөгү айып пул же коомдук иштерге тартылуу болуп саналат.

Ишти Ысык-Ата райондук соту карап, Жоруктар кодексинин 75-беренеси — “Үйбүлөлүк зомбулук” боюнча күнөөлүү деп таап, 60 миң сом айыпка чыккан.

Бегайым өзү соттун чечимине нааразы.


“Балама психикалык, моралдык деле доо кетти да, атаңа барасыңбы десек “жок, ал жакка барбайбыз, өзүбүз эле жашай береличи”, — деп айтат. Коркот. Эми 60 миң сом айыпка чыкканы менен ал мамлекетке эле төгүлөт экен. Бизге анын пайдасы деле жок экен”, — дейт ал.

Про-боно адвокаттар бул ишти кылмыш иши катары каралса жакшы болмок деген ойлорун айтышты. Анткени, бул жорук биринчи жолу кайталанып отурган жок. Буга чейин дагы айыпталуучу баланы сабап жүргөнү, кышында меш чукуган темир менен сабаган учурлары болгонун жүйө келтиришет. Бирок, сот ал учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталбаганын айтып, аны кошуудан баш тарткан.

Ал эми иш жорук катары каралып жаткан учурда ишти кайра кароого бир гана прокурор жиберүүгө укуктуу болуп саналат.

Ошол күндөн тартып Бегайым балдарын алып кетип жаңы конуштардын биринде өзүнчө квартирада жашап жатат. Бирок балдарын каратканга эч ким жок болгондуктан, азыр иштей да албай жатканын айтат.

“Жолдошум өткөндө өзүнүн баласынын туулган күнү болгондо келди. Жасаган ишине өкүнүп жатканын айтты, бирок мен сыртка чыгып кеткенде досторуна “Эптеп элдешип алайын мындан жаманын көрсөтөм” деп айтыптыр. Мен балдарымды көп кыйынчылыкты көрүп төрөп, чоңойттум. Анан ошол зөөкүргө балдарымды сабатып салып бербейм. Ошондуктан, аны кечирбейм”, — дейт Бегайым.

Психолог Саадат Сыдыкова балдардын кичине кезинде алган психологиялык жарааты өмүр бою калып калышы мүмкүн экенин айтат.

“Зомбулук бир айдын, бир жылдын ичинде унутулат деген болбойт. Себеби, ал нерсе баланын ички сезимине кирип кетет. Мисалы, бул бала кийин өгөй атасынын жаш курагындагы кишилерди көргөндө коркуп, же тескерисинче ачууланып, ага болгон жек көрүү сезимин башкалардан чыгарышы мүмкүн”, — дейт ал.

Ошону менен катар эле баланын апасы өзү дагы психолог менен баарлашып, ошол окуяны балага эстетпегенге, сабаган өгөй атасын көрсөтпөгөнгө аракет кылышы зарыл дейт.

Кыргызстанда жылдан жылга балдарга карата зомбулук фактылары өсүп келе жатат.

Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно жардамдарын көрсөтүшөт. “Про боно” латын тилинен которгондо, коомдун кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт. Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат. Сиз дагы үйбүлөдөгү зомбулукка кабылып жүргөн болсоңуз, анда төмөнкү номерлер боюнча байланышсаңыз болот:

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]

Автор: Дилбар Алимова


Иллюстрация: Алина Печенкина

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты