​Коронавирус менен ооруп айыккандарга вакцина алуу кооптуу деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг)

21-май күнү, “Курс дела” басылмасында “Медицина илимпоздору «Covid-19 га каршы эмдөө коркунучтуу эксперимент экенин айтышты»,- деген маалымат жарыяланган. Анда, вирусолог Алексей Яковлев коронавирус менен ооруп айыккандар вакцина ала турган болсо, организмдеги антителолордун саны көбөйүп коронавирустун оор формасы менен кайра ооруп кала турганын билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Антителолор 1 жылга жетпей жоголуп кетиши мүмкүн”

Коронавирус пандемиясына каршы вакцина ойлоп табылгандан кийин, медицина кызматкерлеринин жана жөнөкөй жарандардын арасында Covid-19 менен ооруп айыккандардын организминде жетиштүү антитело иштелип чыккандыктан вакцина албай койсо болот деген түшүнүк тараган.

Бирок, бир канча изилдөөлөр ооруп айыккандан кийин пайда болгон антителолор 3 айдан 8 айга чейинки убакыт аралыгында жоголуп кетээрин аныкташкан.

Алсак, 8-октябрда Гарвард Медициналык Институтунун жүргүзгөн изилдөөдө коронавирус менен оор жагдайда ооруп айыккан 343 адам изилденген. Экспериментке катышкан адамдардын кан үлгүлөрү алынып, пандемияга чейин алынган 1548 адамдын кан үлгүлөрү менен салыштырылган. Натыйжада изилдөөчүлөр, коронавирус менен 8 күндөн ашуун ооруган адамдардын 50%ынын организминде гана жетиштүү деңгээлдеги антителолор пайда болгонун тастыкташкан.

Ал эми, симптому жок же Covid-19дун жеңил формасы менен ооругандарда антителолордун саны салыштырмалуу азыраак болуп, ал дагы убакыттын өтүшү менен төмөндөп отуруп жоголуп кетүү ыктымалдуугу бар экенин айтышкан.

Кээ бир изилдөөлөрдө, коронавирустун жеңил формасы менен ооруп айыккандарда тескерисинче антителолордун узак убакытка сакталаары айтылса да, экинчи ирет Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын 0,65% ы жеңил формада ооругандар экени аныкталган. Аталган изилдөө 17-март күнү “Lancet” илимий журналына жарыяланып, коронавирус менен ооруп айыккандардын организминде иштелип чыккан антитело коронавирустун жаңы штаммдарына каршы да туруксуз экенин тастыкташкан.

Мындан сырткары, коронавирус менен ооруп айыккандардын организминдеги антителолордун саны вакцина алгандан кийин мурдагыга салыштырмалуу бир кыйла көбөйгөнүн “Fred Hutch” институту аныктаган. Аталган изилдөөгө Covid- 19 менен ооруп айыгып, вакцина алган 10 адам изилденген. Анда, вакцинациядан эки-үч жумадан кийин алынган кандын курамында, эмдөөдөн мурун чогултулган үлгүлөргө салыштырмалуу антителолордун көлөмү бир топ көбөйгөнүн байкашкан. Окумуштуулар, эмдөө мурда ооруп айыккан адамдардын организмине терс таасир бербей турганын белгилешкен.

ДССУ: “Эмдөө организмдин илдетке каршы туруктуулугун алда канча күчөтөт”

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавирус менен ооруп айыккан адамдарды вакцина алууга үндөп келет.

ДССУнун илимий адиси Сумия Свиминатан 12-февраль күнү вакцинанын коопсуздугу тууралуу маалымат берип жатып коронавирус менен ооруп айыккандарга эмдөөнүн маанилүү экенин айткан:

“COVID-19 жуктургандардын басымдуу көпчүлүгү бул илдетке каршы иммунитетке ээ, бирок көпчүлүгү ооруну жеңил формада өткөргөндүктөн, организмди коргоо үчүн жетиштүү антителолор иштелип чыкпай калышы мүмкүн. Мындан сырткары, бул оорунун канчага созулаары тууралуу жетиштүү маалыматыбыз жок, ошондуктан коопсуздук үчүн бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз”, — деп билдирген.

Белгилей кетсек, адистер коронавирус пандемиясын жайылтпоо жана жугуп калуу коркунучун азайтуу үчүн калктын 70-80% ы иммунизациядан өтүүсү керектигин айтып келишет.

Жыйынтык: Коронавирус менен ооруп айыккандарга вакцина алуу кооптуу деген маалымат далилсиз. Мындан сырткары, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму Covid-19 илдети менен ооруп айыккандарды эмдөөнүн оң натыйжасы бар экенин белгилешкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты