​Эмдөө учурунда чип коюу жүрүп жатат деген маалымат калп. Фактчекинг

25-май күнү, Фейсбук социалдык тармагында, коронавируска каршы вакциналардын курамында адамдардын жүргөн жерин байкоого мүмкүндүк берген микрочиптер кошо сайылып жатканы айтылган видео тараган.

Видеодо, казак тилинде сүйлөгөн жаран вакцина алганына эки жума болгонун жана эмдөө алган жерине магнит жабышып жатканын айтып, анын себебин чип орнотулгандыгы менен байланыштарган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавируска каршы алгачкы вакциналар өндүрүлүп чыккан учурдан тартып, интернет айдыңында вакциналар дүйнө жүзүндөгү элдерди жок кылуу жана башкаруу үчүн чип орнотулуп жатат деген маалыматтар тараган. Аталган маалыматтын чыгуусуна “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө жана вакцина өндүрүүгө 1.5 миллиард доллардан ашуун каражат бөлгөнү себеп болгон. Бул интернет колдонуучулары арасында күмөндүү ойлорду жаратып, кээ бирлери Билл Гейтстин вакцинага акча бөлүү менен чип орнотууну көздөп жатканын айтышкан.

Бул боюнча Билл Гейтс, BBC маалымат агенттигине берген маегинде, адамдарга чип орнотуу акылга сыйбай турган кадам экенин жана пандемияны жеңүү үчүн гана жардам бергенин билдирген.

Вакцина аркылуу чип орнотуу техникалык жактан мүмкүн эмес

Дүйнө жүзү боюнча чип орнотуу практикасы жаныбарларга гана жүргүзүлүп келет. Европанын бир катар өлкөлөрүндө жана Россияда дагы үй жаныбарларын жоготуп алуудан коргоо максатында чип орнотуу демилгеси каралган.

Аталган чиптин көлөмүнүн узундугу 12 мм, диаметри 2,1 мм жана салмагы 0,1- 0,6 граммга чейин болуп, айнектен жасалган чакан стерилдүү капсула болуп эсептелет. Капсуланын ичинде индуктор жана микросхемадан турган микрочиптин өзү жайгашкан. Аталган чип, жаныбарлардын кайсы жерде жүргөнүн аныктоого жардам берет.

Бирок, чип орнотууну адамдарга жүргүзүүгө мыйзам тарабынан уруксат берилген эмес. Ошондой эле Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун официалдуу сайтында да адамдарга чип орнотуу каралган эмес.

Вакцина аркылуу чип орнотуу мүмкүнчүлүгү жок экенин Австралиялык биоинженерия жана нанотехнология институтунун изилдөөчүсү жана молекулярдык вирусолог доктор Кит Чаппелл билдирген.

“Вакцинанын курамында электрондук каражаттарды орноткондо дагы ал изилдөөлөрдө ортого чыгат. Ошондой эле, Коронавируска каршы сайыла турган вакциналардын шприцтеринин өткөрүүчү бөлүгү 0,3 мм ге жетпейт. Чипти организмге өткөрүү үчүн эң кеминде 10 микрон чип ойлоп табуу керек. Азыркы учурда иштелип чыккан эң кичинекей RFID микросхемалардын көлөмү болжол менен 0,25 мм түзгөнүн эске алуу менен аны ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес”,— экенин билдирген.

Ал эми, Meedan Health Desk коомдук саламаттыкты сактоо уюмунун адистери, органимдин магнит сыяктуу оор металлдарды тарта алуусу үчүн көп өлчөмдө металл керек экенин белгилешип, бул процесс вакцина алуу аркылуу жүргүзүлүшү таптакыр мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо уюму дагы жогоруда айтылган маалымат тастыктаган.

Маалыматта вакциналардын максаты адамдарды чип аркылуу көзөмөлдөө эмес, сактап калуу экени айтылган.

Жыйынтык: Бул маалымат калп. Вакцина аркылуу чип орнотуу техникалык жактан мүмкүн эмес. Мындан сырткары магнитти тартуу үчүн көп өлчөмдө темир керектелгендиктен организмге билдирбей чип орнотуу да мүмкүн эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты