​УКМК:Коррупциялык схемалардын аркасында Суракматовдордун активи кескин өсүп, 50 млн доллардан ашкан

  • 3 года мурун

26 — май күнү кечинде камакка алынган Азиз Суракматовго тагылган айыбы тууралуу УКМК түшүндүрмө берди.


Мурдагы мэрге «мыйзамсыз баюу» жана «коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

УКМК тараткан маалымат боюнча, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын башчысы болуп турганда, кызмат абалынан пайдаланып, жеке материалдык жыргалчылыгын арттыруу үчүн муниципалитеттин айрым кызматкерлери жана курулуш компаниялары менен биргеликте элиталык турак-жайларды жана коммерциялык имараттарды куруу үчүн жер тилкелерин алууда туруктуу коррупциялык байланыш түзүп алган.

«Ушул сыяктуу коррупциялык схемалардын натыйжасында, Азиз Суракматовдун жана анын жакын туугандарынын негизделген кирешелери жок туруп эле активдери кескин түрдө көбөйүп, 50 млн доллардан ашык сумманы түзгөн», — дейт УКМКнын басма сөз кызматы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты