​Темир Сариев дагы суракка алынды

  • 3 года мурун

Мурдагы Өкмөт башчы Темир Сариев кечээ, 26-майда Аскердик прокуратурада сурак берди.


Ал «Кумтөр» кени менен байланышкан кылмыш ишинде күбө катары суралууда.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламентте отчет берип жатып, «Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө 1995 – жылдан 2015 –жылга чейин 1 млрд тоннадан ашык иштетилген калдык, топурак төгүлгөнүн ошол кездеги Экономика министри Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия ырастап, туура деп тыянак чыгарган. Бирок жаратылышка келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо эки башка сан чыккан. Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова жаратылышка 5,4 млрд доллар чыгым келтирилген десе, Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия болгону 141 миллион доллар чыгым келгенин эсептеп чыккан», — деп айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты