Садык Шер-Ниязга Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени тапшырылды

  • 3 года мурун

Режиссер Садык Шер-Ниязга Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 25-майда, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү.

Иш- чарага Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, белгилүү коомдук- маданий ишмерлер, кино жаатынын өкүлдөрү катышты.

Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Ал өз сөзүндө Президент Токаев Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасын жогору баалай тургандыгын эскерип, бул сыйлык менен ал бул тарыхый фильмдин маанисин жана Садык Шер-Нияздын азыркы кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Садык Шер- Ниязга Президенттин администрация жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов белек тапшырды.

Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты