​Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабындагы коррупцияны, мурдагы бийликтин кысымын айтып чыкты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруудагы коррупцияны айтып чыкты.


«Коопсуз шаар» боюнча жумушчу топтун кортундусун комитетке киргизе албай койгом. Бийлик тарабынан катуу кысым болгон. Депутаттар кол койгондон качып койгон. Мына, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 2 адам камакка алынды. 2019-жылдын 20-декабрында 350 миң АКШ долларын талап кылган деп Сыргак Кенжебаев, 2021-жылдын 20-майда 2 миллион 650 миң сом опузалады деп вице-премьер-министр Азамат Дыйканбаев кармалды. Мунун өзү долбоордун коррупциялашкандыгын далилдейт», — деген Рыскелди Момбеков долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди утуп чыккан кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга чакырды.

Аталган компания тендердик комиссия сунуштаган баадан алда канча аз акчага долбоорду ишке ашырам дегени да өтө шектүү экенин айткан депутат:

«Тендер 5 миллиард 700 миллион сомго жарыяланган. Кытай компаниясы 2 миллиард 700 миллион сомго ишке ашырууну сунуштап, 3 миллиард 173 миллион сомго аз көрсөтүп жатса ойлонуш керек да. Аларга айып пулдан түшкөн акча керек эмес. Бул компаниянын камералары автоунаанын номурун эле эмес, ичиндеги адамды да тааныйт», — деди.

Ошондой эле “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы долбоорду ишке ашыруунун убактысын да өткөрүп жиберип, кечигип жатканын эскертип, өкмөттүн өкүлдөрүнөн келишимдин мөөнөтүн узартпоого чакырды. «Эгер келишимдин мөөнөтүн узартсаңар, өкмөттүн мөөнөтүн кыскарткан болосуңар», — дейт эл өкүлү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты