Кыргызстандык Эверестти багындырды

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырды. Бул тууралуу тренер Александр Абрамов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.

Алгачкы этникалык кыргыз

Эдуард Кубатов “Эверест 1” экспедициясынын курамында Эвересттин эң жогорку чекитине чыккан. Курамда жалпы 6 киши болуп, Александр Аврамов тренерлик кылган.

23-май күнү Александр Абрамовдун экспедициясы чокуну ийгиликтүү багындырганы айтылган.

Эверест 1” командасы чокуга чыкты. Эми артты көздөй кайтабыз. Аба ырайы деле жакшы. Бир аз шамал бар. Бул курамда рекорд бар десек болот,- алгачкы кыргыз жана алгачыкы израилдик айым бар,” — деп калтырган.

Маалымат боюнча Эдуард Кубатов Эвересттеги алгачкы этникалык кыргыз. Буга чейин 1997-жылы кыргызстандык Дмитрий Греков чокуга чыккан. Альпинист өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу эң бийик чокуга болгон сапары жөнүндө бөлүшүп турган.

300 гө жакын киши орто жолдон каза болгон

Эверест чокусу Непал менен Кытайдын чектеш жеринде жайгашкан. Бийиктиги 8848 метрди түзөт. Ушул күнгө чейин чокуга 10 миңге жакын киши чыгып, 300 дөй киши чокуга жетпей каза болгон. Ал жакта абанын температурасы -62 ге чейин түшүшү мүмкүн.


















Жеңишимди элиме арнайм

Эдуард Кубатов — Индонезиянын Кыргызстандагы консулу, “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Буга чейин УКМКда да кызмат өтөгөн.

Эдуард Кубатов Эверест бешинчи тоосу болгонун айтат: “Менин биринчи тоом — Ленин чокусу, 7134. Андай кийин Аконкагуа — Түштүк Американын эң бийик чокусу — 7000 м”. Ошондой эле Элбурс, Киллиманжарону да багындырган.

Эдуард маектеринин биринде Эверестти багындыргандагы сезимдери кандай болору жөнүндө айтып берген: “Биринчи элимди, жеримди эстейт элем. Кудай буюруп, болуп калса, бул жеңишти элиме-жериме арнайм. Эң чоң максат ушул — элиме-жериме! Өзгөчө жаш жарандарыбызга, жаш муунга”.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты