​Өлкөдөгү бардык райондордун акимдери ротацияланды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.


Атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

— Мурат Раматов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Руслан Мейматкулов Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

— Манас Осмоналиев Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Жыргалбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Замирбек Сыдыков Талас облусунун Талас районунун акими кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Нургазы Нармырзаев Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Нурбек Сатаров Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Эмилбек Абдыкадыров Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Абдрахман Осмонов өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Алайбек Жумаев Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Марс Саккараев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Таалайбек Жайылов Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Акылбек Тюкебаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Мунарбек Насиров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Турусбек Ногоев Чүй облусунун Жайыл районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Төрөгелди Туркбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Баратбек Сыдыкназаров Талас облусунун Кара-Буура районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Бектур Сагымбаев Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Алтынбек Сеңирбаев Нарын облусунун Нарын районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Нурадин Мадимаров Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Карагулов Мирлан Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Козуев Ниязбек Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Аманкулов Эмир өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Козуев Бакыт Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Сатыбалдиев Жанысак Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Тайгашкаев Руслан берген арызына ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Курмантаев Нуралы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Кенжебаев Аманкан Чүй облусунун Сокулук районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Айтибаев Курбанбек Ош облусунун Араван районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Кулубаев Сейтек Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Жапаров Жумадилла Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Мамажакыпов Өскөнбай Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Абыкеев Темирболот Нарын облусунун Кочкор районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Камчыев Курбанбек Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Иманалиев Данир Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Акимбаев Бахтияр өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Адиев Каныбек Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматына дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Тилебалдиев Айбек өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Астанакулов Байышбек Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматына дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Сарбагышев Максатбек берген арызына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Болбур уулу Алтынбек өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Апбасов Каныбек Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Жумадылов Калыбек Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Бозбалаев Залкарбек өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Матанбаев Жамшит Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Имаров Алгынбай Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;

— Дүйшөбаев Бектеналы өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;

— Жээнбеков Досмамбет Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты