Кумтөр: Келишимдерди түзүүдөгү коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө башталды

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, коррупциялык укук бузууларды аныктады.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 1992-жылдан 2019-жылга чейинки учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары “Кыргызалтын” ААКнын жетекчилиги менен биргеликте “Камеко”, “Центерра Голд Инк” канадалыккомпанияларынын, ошондой эле “Кумтөр Оперейтинг Компани; ЖАКнын жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарын көздөгөн артыкчылыктарын алуу максатында туруктуу байланыштарды түзгөн.

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүлгөн. Андан улам жаратылыштын кайра калыптанышына мүмкүн болбогон эбегейсиз бузулушуна, сарамжалсыз пайдаланышына алып келип, мамлекетке миллиарддаган зыяндар келтирилип, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туулган.

2021-жылдын 18-майында бул факты Башкы прокуратура тарабынан жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралды.

«Кумтөр» ишканасын убактылуу тышкы башкаруучу ботлуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты