Кен казылып, алтын өндүрүлүп жатат. Алтындын баарын Улуттук банк сатып алат

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканысынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова жана «Кумтөр» ишканасынын убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүштү.


Учурда «Кумтөр» ишканасы толук кандуу иштеп жаткандыгын айткан Тенгиз Бөлтүрүк:

«Кумтөр» кенинин операциялык ишмердүүлүгү үчүн учурда акчабыз бар. Каржы маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. «Кумтөр Голд Компанинин» бардык эсептери тоңдурулган жана Кыргызстанда эмес. Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы каражаттар арзыбаган эле сумма.

Биз 3 тараптуу келишим түздүк. Эми Улуттук банк «Кумтөрдүн» бардык алтынын сатып алат. Ал үчүн Улуттук банкта каражат жетиштүү. Ошондой эле алар «Кыргызалтындын» өткөн жылдагы 20 миллион доллардай дивиденддерин бизге которуп беришет. Кен казылып, алтын өндүрүлүп жатат» , — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты