Соцфонддогу 14 милллион сомдук тендердин таржымалы

2020-жылдын башында окурманыбыз редакцияга кайрылып, Социалдык фонддогу коррупцияны иликтөөнү өтүнгөн эле. Ал Соцфонд жарыялаган тендерлердин биринде IT продукт өз баасынан бир нече эсе кымбат сатылып анынганын кабарлаган.

Биз иликтөөгө бел байлаган кезде коррупцияны далилдөө үчүн алдыда толгон-токой кыйынчылыктарга кезигерибизди билген эмес элек.


Иликтөөнүн түп нускасы Factcheck.kg онлайн басылмасында жарыяланган.


Эмесе сөз башынан болсун.

2020-жылдын ноябрь айында УКМК Социалдык фонддун аппаратынын мурдагы жетекчиси камакка алынганын кабарлаган. Ал өзүнүн кол алдындагылар менен биргеликте Соцфонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан дайыма акча талап кылып турган деп айыпталган эле.

Аткаминердин аты-жөнү айтылбастан, А.Б. аттуу инициалы гана көрсөтүлгөн. Буга карабай ал кезде Социалдык фонддун аппаратын Акылбек Байдылдаев жетектеп турганы маалым.

2021-жылдын март айында биз Байдылдаев менен байланышып көрдүк. Эң кызыгы, ал камакка алынбагандай эле биз менен телефон аркылуу сүйлөштү. Биз ага жогоруда айтылган тендер тууралуу суроолорду узаттык. Себеби IT продукт кымбат сатылып алынды деген тендердин документинде дал ошол Байдылдаевдин колун көрсөк болот. Бирок ал биздин суроолорубузга жооп бербестен, “учурда Соцфонддо иштебейм” деп гана кутулду.

— Мен азыр Соцфонддо иштебейм.

— Бирок ошол кезде иштегенсиз да?

— Жок-жок-жок…

— Сиздин аты-жөнүңүз тендердин документинде көрсөтүлүп турат го?

— Мен иштебейм.

— Мен сиздин азыр иштебей турганыңызды түшүнүп турам, бирок, тендер өткөрүлгөн учурда сиз иштегенсиз да, сиздин ысымыңыз документте жазылып жүрөт…

— Мен сизге жооп берчү адамдын дарегин бердим го. Ага кайрылыңыз, сизге бардыгын түшүндүрүп берет.

— Бирок сиз жетектеп тургансыз да.

— Чоң кыз, мен бул менен алектенбейм. Ооба, иштегем. Бирок азыр иштебейм.

— Сиз кабыл алгансыз.

— Мен эмес.

Ошентип, бизди кызыктырган суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.

Андан соң, эмне үчүн Байдылдаев камакка алынбай эле, журналисттер менен эркин сүйлөшүп жүрөрүн билүү максатында УКМКга кайрылдык. Байдылдаевге карата кандай бөгөт коюу чарасы тандалганын билгибиз келди. Бирок, УКМК биздин расмий катыбызга тек гана “Тергөө иштери жүрүп жатат” деп жооп берди. Андан кийин, биз кайрадан бир нече ирет Байдылдаев менен байланышууга аракеттендик. Бир жолкусунда ал бош эмес экенин айтып, андан соң байланыш начар болуп атат деп кутулду.

Бизди кызыктырган тендер 2019-жылы өткөрүлгөн. Ал тууралуу кошумча маалыматты Байдылдаевден билүү аракетибиз оңунан чыккан жок. Окурманыбыздын айтымында ал өз баасынан бир нече эсе кымбатка турган тендер.

Бирок биздин иликтөөбүз куп эле Байдылдаев менен болгон маектей, кай жагынан баштасак да, улам-улам бизди эң башкы чекитке алып келип коерун такыр ойлогон эмес элек.

Деги эмнени сатып алышты?

2019-жылдын март айында Соцфонд ички маалымат коопсуздугун камсыздай турган ViPNet 4.х аттуу IT продукт жана ViPNet Policy Manager аттуу башкаруу системасын сатып алууга тендер жарыялайт.

Жалпак тил менен айтканда бул Соцфонддогу бир компьютерден экинчи компьютерге маалымат жеткирүүдөгү коопсуздукту камсыз кылуучу система. Ал кызматкерлердин жабык тармагын камсыздайт, башкача айтканда мекеменин виртуалдык жеке тармагы болуп саналат.

Бул тендердин баасы 14,1 миллион сомду түзгөн. Ал кездеги курс менен 200 миң долларды чапчыган. Тендердин документинде сатылып алынган программа 1251 компьютерге орнотулат деп айтылат.

Бирок Социалдык фонддун IT продуктуга болгон муктаждыгы ушул менен гана чектелет деп ойлосоңуз, жаңылышасыз.

Буга чейинки беш жылдын ичинде эле Соцфонд 80 миллион сомдук же 1,55 миллион долларлык программа сатып алган.

Дал ушундай эле VIPNet аттуу программаны Россиянын Социалдык Камсыздандыруу Фонду жана россиялык “Шаймандарды куруучу бюро” аттуу уюм 2017 жана 2021-жылдары сатып алган экен.

Бир караганда алардын баасы биздикилердикинен биз нече эсе арзан. Бирок тендердин техникалык мүнөздөмөлөрүндө бир аз айырмачылыктар табылган. Биз IT адиси болбогондуктан, бул суроо боюнча тиешелүү адистерге жана Социалдык фонддун өзүнө да кайрылып көрдүк.

Соцфонддун жообу

Россиялык камсыздандыруу фонду VIPNet программасын 99 миң компьютерге, ал эми Кыргызстандын Социалдык фонду 1251 компьютерге алгандыктан, россиялыктарга жеңилдиктер (скидки) каралган деп Соцфонд түшүндүрдү.

Ал эми тендер үчүн жооптуу болгон Акылбек Байдылдаев. Дал ушул адам ошол кездеги Соцфонддун аппаратын жетектеп турган, дал ушул адам биз башында сөз кылгандай Соцфонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан туруктуу түрдө акча талап кылган деп айыпталган жана УКМК тарабынан камакка алынган. Дал ушул адам VIPNet программасына байланыштуу тендердин документинде кол койгон. Жогоруда кеп кылгандай андан эч кандай жооп ала алган жокпуз.

Байдылдаев биздин суроолорубуздан тажаганбы, айтор, Улукбек Самыйбеков аттуу башка чиновникке кайрылууну сунуштады. Тендер жарыяланган мезгилде Самыйбеков Соцфонддун маалыматтык тутумдар бөлүмүн жетектеп турган. Ал биз менен эркин баарлашты. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган кесиптеши Байдылдаевдин тагдырына караганда Самыйбековдун иши кыйла түзүк экен. Ал 2019-жылы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бирок бир аздан соң Соцфондго кайтып келген.

Самыйбеков биз менен баарлашканда тендер тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында алгач, мыйзамга ылайык, товарлардын белгилүү бир санын эске алып, баасы изилденет. Андан соң болжолдуу сумма Соцфонддун бюджетинде камтылат. “Биз [жеткирүүчүлөрдөн] коммерциялык сунуш жана баалар кайдан келип чыгарын сурадык. Бирок алар бизге “бул коммерциялык сыр” деп жооп беришти. […] Анын баасы Кыргызстанда канча болорун билбейбиз, бирок Россиядан сатып алуу мүмкүн болбой калат. Буга чейин үч-төрт компаниядан (ал тактап айткан жок) бааларды изилдеп, болжолдуу бааларды билген соң тендер жарыялаганбыз. Тилекке каршы, алар бааны кандайча түзгөндүгүн айтышкан жок “, – деди Социалдык фонддун кызматкери.Бирок бир нече сааттан кийин ал бизге өзү телефон чалып, тендердин техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берди дагы, дал ушул тендер боюнча учурда укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп атканын кошумчалады.

“Бизде азыр текшерүү жүрүп атат [маек февраль айында болгон] УКМК текшерүүдө.

Алар бүт системаны изилдеп, 2-3 айдын ичинде тыянак чыгарат. Бизди текшерүүсүн өзүбүз өтүнгөнбүз. Бардык документтерди алып кетишти.

Мен өз убагында тендердин документациясында толук маалыматты көрсөтпөй калыптырмын. Андыктан, ушундай абалга келдик. Ал кезде мен бөлүмдү жетектеп турган элем. Бул толугу менен менин күнөөм. Мен жоопкерчиликтен коркпойм. Бир нерсе болсо, мен гана күнөөлүү болом. Менден башка эч ким бул үчүн жооптуу эмес. Демек, документте мен толук маалыматты көрсөткөн эмесмин. Бирок 1251 компьютер көзөмөлгө алынган [коопсуз тармакта иштейт] деп ишенимдүү айта алам. Буга 100% кепилдик бере алам”, — деди ал.

Тендерге жооптуу болгон Соцфонддун дагы бир кызматкери — Кенжебек Кыязов. Ал Самыйбеков кызматтан кеткенде, анын ордуна Соцфонддун маалыматтык тутумдар бөлүмүн жетектеген. Кыязов буга чейин кабыл алынган документтерге кол койгон. “Мен болгону мага чейин иштелип чыккан документтерге кол койдум. Болгону ишти кабыл алдым. Тендердин суммасын мен кызматка келгиче эле Соцфонддун мурдагы аппарат жетекчиси [Байдылдаев] бекитип койгон”,— деди Кыязов.

Андан соң биз тендер тууралуу IT адистерине кайрылдык.

IT адистеринин жообу

Тендерди DOS TEK GROUP компаниясы жеңип алган. Бул компания ишкерлер жана уюмдар үчүн электрондук санарип кол тамганы (ЭЦК) сатуу боюнча кызматтарды көрсөткөнү менен жалпы коомчулукка белгилүү.

Аталган компания баалар үчүн эч кандай жоопкерчиликти албарын дароо айтты. “Буйрутма бергендер кайсы сумманы белгилесе, дал ошол суммага кызмат көрсөтөбүз. Келишимдин шарттарына ылайык, компания өз милдеттенмелерин толугу менен аткарды”, — деп жооп берди.

Иван Швыров — буйрутманы аткаруу үчүн DOS TEK GROUP компаниясы тарабынан жалданган техникалык кызматкер. Ал IT тармагында кызматтарды көрсөтүүчү бир нече компанияны негиздеген. Швыров менен байланышканыбызда жарым саат бою бизге Социалдык фондго орнотулган программа тууралуу төкпөй-чачпай түшүндүрүү аракетин кылды.

Анын айтымында россиядан сатылып алынган программа Кыргызстанда 50%га кымбатыраак сатылат, анын үстүнө 30-35% орнотуу иштери үчүн кошулат. Мындан тышкары, 30-35% техникалык колдоо үчүн кошулат.

Тендердин баасы чынында кымбат же кымбат эмес экенин түшүнүү үчүн IT тармагы боюнча эксперттерге кайрылышыбыз керек болду.

Бирок бул тапшырма оңойго турган жок. Себеби, биз сурамжылаган эксперттер алгач макулдугун берип, андан соң кайрадан артка тартышты. Алардын айрымы жада калса атын атабай туруп, комментарий бергенден баш тартты. Бул тендерге эксперттик баа берүү үчүн укук коргоо органдардын макулдугу керек экенинин айтып чыкты.

Акырында биз өзүнүн жеке фирмасы менен мамлекеттик сатып алууларга катышып жүргөн жаш программистти таптык. Бирок ал дагы өзүнүн ысымын жашырып, УКМК кызматкерлеринен жана башка укук коргоо органдарынан кооптонуп турганын айтты.

Ал тендерге тиешелүү документтерди изилдеп көрүп, программанын баасы чын эле кымбат көрсөтүлгөнүрн маалымдады. Мындан тышкары, буйрутманы аткарчу компания каалаган бааны койгонго укуктуу экенин айтып, эң башкысы кошумча наркка салык төлөнсө болду деди. “Бул салык төлөнсө, тендерди ишке ашырган компанияга доомат болушу мүмкүн эмес”, — деди ал.

Акыркы үмүт

Программанын анык баасын билүү үчүн бизде акыркы мүмкүнчүлүк калган эле.

Ал Соцфонд сатып алган программаны иштеп чыккан россиялык Infotecs аттуу компания.

Биз алгач бул компанияга расмий түрдө кайрылдык. Алар бизди программаны орнотуучу дистрибьюторлордун бирине кайрылууга чакырды. Бирок биз буга чейин DOS TEK GROUP компаниясына кайрылып, андан тыянак чыкпаганын жогоруда айта кетпедик беле.

Андыктан журналисттик амалды пайдаланууну туура көрдүк дагы кадимки кардар катары россиялык компаниянын атынан кат жаздык. Бул катты жазууга россиялык кесиптешибиз көмөктөштү. Катта Социалдык фонд сатып алгандай программанын өзү бизге керек деп белгилеп, анын баасын сурадык.

Infotecs компаниясы биз катыбызда көрсөткөн компанияны текшерип, анын бар экенине ынанган соң, россиялык регионалдык дистрибьюторлордун бирине баа тууралуу суроо узатты.

Алар менен бир нече ирет кат жазышып атып, акырында Татьяна аттуу сатуучу биздин сурообузду “ар тараптуу” деп белгиледи. “Баасы менен сапаты төп келишкен чечимди тандоону каалап турам” деп гана жооп берди. Ал толук чечим чыгаруу үчүн биз берген маалымат аздык кыларын белгиледи.

IT продуктунун акыркы баасы эмнеден көз каранды?

“Бул программанын сап башында ViPNet Administrator турат. Ал тармактагы башка түйүндөрдү көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары тармактын ичинде кандай түйүндөр болуш керек, андагы шаймандардын саны жана сапаты кандай болот деген суроолорго жооптордон көз каранды.

Мисалы, кеңседе 20 компьютер иштейт дейли. Алардын ар бирине 20 ViPNet Client сатып алса болот. Бирок бул өтө кымбатка турат жана алардын баарын көзөмөлдөө татаалдашып кетет. Дагы бир айта кетчү нерсе, программа Россияда иштелип чыккандыктан, Россиянын техникалык жана экспорттук көзөмөлү боюнча Федералдык кызматынын талабы бар. Ага ылайык, интернет тараган периметрде программалык камсыздоо эмес, программдык аппараттык комплекстин болуусу керек. Бул тууралуу дистрибьютордук компаниянын өкүлү Татьяна кабарлаган.

Мындай татаал IT түшүнүктөргө бир нече ай бою аралашып жүрүп, акыры белгилүү иликтөөчү журналист Эльдияр Арыкбаевге кайрылдык.

Ал учурда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун Орто Азия боюнча өкүлү.

Биз ага IT- тармагына байланышкан тендерлерди изилдөө эмне үчүн татаал деген суроо узаттык.

“[Ал] техникалык өзгөчөлүкттөрдөн көз каранды. Себеби, тендерлерди көзөмөлдөгөн журналисттер жана активисттер, албетте мындай тендерлерди ийне-жибине чейин биле бербейт”, — деп белгиледи.

“Буларды түшүнүү үчүн көзкарандысыз эксперттерди тартуу керек, алар өз бааларын беришет. Бирок бул менен эле көйгөй чечилип калбайт. Себеби, бир эксперттин пикири башкасына дал келбеши да мүмкүн. Ал эми сатылып алынган программаны дайыма эле адистерге көрсөтүп берүү мүмкүн боло бербейт”, — деди Арыкбаев. Анын айтымында дал ушул көйгөйлөрдөн улам мамлекеттик кызматкерлер тендердин баасын каалагандай көтөрүшү ыктымал.


Май айынын башында УКМКнын тергөө иштеринин жыйынтыгын билүү максатында биз Улукбек Самыйбеков менен кайрадан байланыштык. Биздин иликтөөнүн жүрүшүндө анын зоболосу көтөрүлүп, маалыматтык тутумдар бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан кетип, Социалдык фонддун бүтүндөй аппаратын жетектеп калды.

Ал териштирүү иштери дагы деле жүрүп жатат деди. Анан калса укук коргоо органдары ViPNet системасын текшербей турганын маалымдап, оозубузду ачырды. Эске салсак, мындан бир нече ай мурда байланышканыбызда дал ушул тендерди изилдеп атышканы тууралуу төш каккан эле.

“Муну карашса жакшы болот. Бирок алар башынан эле киберкоопсуздукту [тышкы коопсуздукту текшерет].

Ал эми ViPNet болсо ички [программа]. Биз випнетти да текшергиле деп суранганбыз. Бирок алар эч нерсени убадалабастан, тек гана «караштырабыз» деп коюшту”.

Ал эми азыр болсо Социалдык фонд VipNet системасына байланышкан кезектеги IT тендерди өктөрүүнү пландаштырууда. Жаңы тендердин максаты системаны IT аудиттен өткөрүү.

Иликтөө Кыргызстандагы Интерньюс тарабынан ишке ашырылган TRACK долбоорунун колдоосунда даярдалып, редакциянын өз алдынча аткарылган иши болуп саналат. Берилген материалдагы пикирлер Интерньюстун жана анын шериктеринин көз караштарын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты