НТС телеканалынын мүлкү камакка алынды

НТС телеканалынын мүлкү камакка алындыТелеканалдын мүлкү камакка алынып, бирок НТСтин башкы директору Жайнак Үсөн уулунун жоопкерчилигине убактылуу бекитилип берилди. Бул тууралуу телеканалдын редактору Азиат Жекшеев «Азаттыкка» билдирди:

— Кечээ мүлктү каттап, камакка алып кетишкен. Соттук териштирүүлөр бүткүчө жетекчибиздин жоопкерчилигине убактылуу өткөрүп беришти, ошонун алкагында кадимкидей иштеп жатабыз.

Азиат Жекшеевдин айтуусунда, телеканалдын таңкы, күндүзгү жана кечки программаларында үзгүлтүк болгон жок.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган. Кийинчерээк НТС телеканалынын жетекчилиги Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен «Аянт» ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты