​БШК Бишкек шаар кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу чечимин колдоду

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаар кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.


Аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы , “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтетилгени, добуштары жараксыз деп табылганы негиз болгон.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешине жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты