​Исхак Пирматов: Бизге келген мигранттар патент алсын. Жок дегенде 750 миллион сом түшмөк

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Өзбекстан менен Тажикстандан иштегени келген мигранттар үчүн патент киргизүүнү сунуштады.


Анын айтымында, Кыргызстан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди киргизген. Ошондуктан, аталган мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга каалагандай кирип, тынымсыз келип, кетип иштеп жатышат. Мындан жергиликтүү бюджеттер 1 миллиард сом жоготууда.

«Миллиарддаган сом Өзбекстан менен Тажикстанга кетип жатат, анткени бул мамлекеттердин жарандары биздин өлкөгө күн сайын келип иштеп кетишет. Биз муну токтотушубуз керек. Жок дегенде патент сатып алышсын. Ансыз деле республикада акча жок. Жок дегенде 500-600 сомго патент алышсын, 750 миллион сом жергиликтүү бюджетке түшүп калмак», — деди Исхак Пирматов.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты