Жээнбеков Казакстанга жана Орусияга барат

Жээнбеков Казакстанга жана Орусияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрь күндөрү казак тараптын чакыруусу менен Астанага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугушуусу пландалууда. Андан тышкары кеңири форматтагы жолугушуу болуп, лидерлер ЕАЭБдин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Андан соң Жээнбеков 26-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барып, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

«Бейформал жолугушуунун алкагында эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот деп күтүлүүдө», — деди Айзада Субакожоева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты