​«Кумтөр» боюнча акыркы чечимдерге Канада нааразычылыгын билдирди

  • 3 года мурун

Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана Канаданын чакан бизнести, экспортту өнүктүрүү жана эл аралык соода министри Мэри Нг «Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруу киргизилгенине байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.


Ал билдирүүдө:«Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары, тоо-кен тармагындагы акыркы окуяларга Канада абдан тынчсызданат. 17-майдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөргө» тышкы башкарууну орнотуу жөнүндө чечим кабыл алынганына, ошондой эле парламенттик жыйында канадалык ачык типтеги акционердик компанияны башкарууга жана анын эл аралык активдерине кыргыз тараптын көзөмөл кылабыз деген билдирүүлөрүнө нааразычылык билдиребиз. Бул иштер келечекте Кыргыз Республикасына келе турган чет элдик инвестициялардын көлөмүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп жазылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты