«Кыргызалтын» акцияларынын бир бөлүгүн сатары тууралуу маалымат тарады

  • 3 года мурун

Канадалык The Canadian Press онлайн басылмасы «Кыргызалтын» ишканасы «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» өзү жарыялаган жана бул акция баасынын 6,5%дан 8,4кө чейин төмөндөшүнө алып келген.

«Центеррадагы» Кыргызстандын өкүлү Тенгиз Бөлтүрүков бул маалыматты четке какты. Анын «Азаттык» радиосуна билдиргени боюнча «акциялар сатылат» деген маалымат бааларды төмөндөтүү максатында атайылап таратылууда.

«Кыргызалтын» ишканасынын «Centerra Gold Inc.» компаниясында 77,4 млн. акциясы бар.

«Кыргызалтын» ишканасы акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка пикирин билдире элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты