​«Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафону старт алды

Жаңылыктар

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафону старт алды.


Мамлекет башчы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.


«Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн» деп белгиледи Садыр Жапаров.


Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.