​COVID-19: Жарандар вакцинаны катталган жерине карабастан ала алышат

  • 3 года мурун

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө жүрүп жатат. Вакцинаны, катталган жерине карабастан 18 жаштан жогорку курактагы каалаган адам ала алат.


Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Вакцина алуу үчүн сиздер COVID-19га каршы каалаган эмдөө пунктуна кайрыла аласыздар. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Ал үчүн жаныңызда паспорт болушу шарт.

Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытай өндүрүшүндөгү Sinopharm вакцинасы мененэмдөө жүргүзүлүүдө. Аталган вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилди.

Дүйнө жүзүндө Sinopharm вакцинасы менен эмдөө 65тен ашуун, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Белоруссия жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Эмдөө республикадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жарандардын катталган жерине карабастан акысыз өткөрүлүүдө.


Вакцина алуу даректери:

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты