Афганистан боюнча АКШ Кыргызстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

  • 3 года мурун

Ушул жылдын 11-сентябрында АКШ аскерлери Афганистандан толугу менен чыгарылат.

Расмий Вашингтон аскерлерин жайгаштыруу үчүн Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш Азия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын «Вашингтон пост» басылмасы жазып чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу «Азаттык» үн алгысына берген маегинде Афганистан боюнча кызматташуу маселесин Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

“Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен Афганистандагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында кантип тыгыз кызматташса болорун сүйлөшүп жатат. Анын ичинде соода, энергетикалык кызматташтык, студенттерди алмашуу жана терроризмге каршы күрөш боюнча талкуулар жүрүүдө. Кыргызстанда эч ким аскерлерди жайгаштырууну сунуш кылбаса да биз аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн башка жолдор менен кызматташсак болоруна ишенем”, — деген Доналд Лу.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты