​3 шаарда кайра шайлоо качан өтөт? БШКнын түшүндүрмөсү

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыктары жокко чыгарылган Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайра шайлоо качан өтөөрүн айтты.


БШКнын билдиргенине караганда, Президент бир айдын ичинде Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындашы керек,

Кайра шайлоо өнөктүгү жарлыкка кол коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде өтүп, үгүт иштеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.

Ал эми шайлоого катышуу үчүн саясий партияларга эч кандай чектөөлөр болбойт. Болгону буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануу жана шайлоочуларга жана участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү сыяктуу одоно мыйзам бузууларга барганы аныкталган талапкерлер гана шайлоого катыштырылбайт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты