Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 13 — майда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.


Эки өлкө башчылары кыргыз-түрк кызматташтыгынын актууалдуу маселелерин талкуулашты.

Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров Түркия элинин жана Президентинин колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Эки Президент ошондой эле кыргыз жана түрк элдерин бүгүнкү ыйык Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты