Тажикстанда селден каза тапкандар 8 кишиге жетти

  • 3 года мурун

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети жаратылыш кырсыктарынан өлкөнүн он беш аймагы жабыркаганын жана 8 киши каза тапканын маалымдады.


Комитеттин 12-майда тараткан билдирүүсүндө селден өзгөчө Хатлон облусу жана республикалык башкаруудагы райондор зыянга учураганы айтылат.

11-майда Рашт районунда катуу жааган жамгырдан 14 үй зыянга учурап, Варзоб районунда бир нече автоунааны суу агызып кеткен. Трассаларды сел каптап, жол кыймылын бөгөдү.

Шамсиддин Шохин жана Кушониен райондорунда, Куляб жана Гиссар шаарларында сел адам өмүрүн алды. Шамсиддин Шохин районунда бир үй-бүлөдөн үч киши каза болду.

Бийлик алардын аты-жөнүн атаган жок, болгону 39 жана 29 жаштагы кишилер жана 10 жаштагы бала мерт болгону маалым. Алар бара жаткан унааны сел агызып кеткен.

Соңку маалыматтар боюнча Шамсиддин Шохин районундагы Порвор районунда 26 үй зыянга учурады.

Тажик бийлиги Кулябдагы суу ташкынынан үч киши өлгөнүн кабарлады. Алардын экөө сел жүргөндө автоунаадан чыга албай калган, дагы бирөөнү суу агызып кеткен. 12-майда өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода Кулябга жөнөп кетти.

Бул арада 11-майдагы Бохтар-Дангара автожолундагы көчкүдөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болгону кабарланууда.

Расмий маалыматтар боюнча селден курман болгон сегизинчи киши – 26 жаштагы Гиссар районун тургуну. Чабанды сел агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети 14-майга чейин сел жүрүу коркунучу сакталуу экенин билдирип, жарандарды этият болууга чакырууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты