​»Токтогул» ГЭСине керектүү жабдык 5 айдан бери чек арадан өтпөй жатат

  • 3 года мурун

Кыргызстан беш айдан бери “Токтогул” гидроэлектростанциясын жаңылоого зарыл болгон жабдыктарды казаккытай чек арасынан алып өтө албай жатат.


Бул тууралуу 11-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди:

«“Токтогул” ГЭСинде №4 агрегатты демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ал 15-ноябрга чейин ишке кириши керек. Бүгүнкү күндө ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат. Мисалы, Казакстанда “Хоргосто” биздин ошол Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегатына байланыштуу жабдык турат. Беш айдан бери чек арадан өтө албай жатат”.

Жыйында маалым болгондой, Кыргызстандын буюртмасы боюнча Кытайда жасалган жабдыктардын жарымы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” бекети, экинчи жарымы Казакстан аркылуу казак-кытай чек арасындагы “Хоргостон” келери пландалган.

“Хоргосто” коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек чоң болгондуктан Кыргызстандын жабдыгы 300-кезекте экени маалым болду.

Сөз ГЭСти реконструкциялоонун экинчи фазасынын биринчи агрегаты тууралуу болууда. Аны Кыргызстанга жеткирүүгө жооптуу компания июнь айынын биринчи жарымына чейин алып келүүнү убада кылууда.

“Токтогул” ГЭСине Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 40% туура келет. 1975-жылы курулган ишкананын үч этаптан турган, эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан алгачкы реконструкциясы 2017-жылы башталган. Үчүнчү этап 2023-жылы жыйынтыкталышы зарыл.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты